АКШнын Коргоо министри Пит Хегсет аралык шайлоодон кийин кызматтан алынышы мүмкүн. Бул тууралуу «The Washington Post» гезити аналитикалык материалында жазды.
Басылманын маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамп Хегсетти кызматтан алуу менен саясий көйгөйлөрдүн биринен арылышы мүмкүн. Бирок Хегсеттин министр болуп турган мезгилинде Пентагон менен АКШнын куралдуу күчтөрүндө жаралган көйгөйлөрдү жоюу кыйла татаал болору айтылат.
«The Washington Post» гезитинин жазганына караганда, Хегсет кызматтан кеткенден кийин Коргоо министрлиги бир катар институционалдык кризистерге туш болушу мүмкүн. Аларды чечүү үчүн убакыт жана каржылык ресурстар талап кылынары, ошондой эле жоголгон ишенимди жана кесиптик тажрыйбаны калыбына келтирүү зарылдыгы белгиленет.
Басылманын маалыматына ылайык, Хегсеттин министрлиги учурунда Пентагондогу бир катар жогорку даражалуу аскердик жана жарандык кызматкерлер кызматтан кеткен же пенсияга чыккан.
Мындан тышкары, АКШ Конгрессинде Демократиялык жана Республикалык партиялардын өкүлдөрү Хегсетке импичмент жарыялоо боюнча резолюцияларды сунушташкан.
«The Washington Post» Хегсеттин кызматтан алынышы Трамп үчүн саясий жактан кайра багыт алууга мүмкүнчүлүк түзүшү ыктымал экенин белгилейт. Бирок гезиттин талдоосунда айтылгандай, Хегсеттин министр болуп турган мезгилинде Пентагондо жаралган кесепеттер анын кызматтан кетиши менен дароо жоюлуп кетпейт.
Эске салсак, 15-сентябрда АКШнын Республикалык партиясынын конгрессмени Томас Масси өлкөнүн Согуш министри Пит Хегсетке импичмент жарыялоо боюнча резолюция сунуштады.
Масси Хегсетти АКШ Конституциясын бир нече жолу бузган деп айыптады. Анын билдиришинче, буга Ирандагы аскердик операцияларды жүргүзүүдө Конгресстин уруксаты алынбаганы, ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы куралдуу жаңжалдарда жай тургундардын курман болушуна байланыштуу аракеттер себеп болгон.