Демократиялык партиянын улук сенатору АКШнын Иранга каршы агрессивдүү согушка киришин кескин сынга алып, Трамптын администрациясын адам өлүмүнө жана ири чыгымдарга алып келгени үчүн айыптады. «Бул согуш токтотулушу керек» деп баса белгилеген ал баскынчылыктын кесепеттерин жоюу үчүн бир нече жыл талап кылынарын эскертти.
Pars Today агенттигинин IRNAга шилтеме берүү менен маалымдашынча, АКШ Сенатынын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинин жогорку даражалуу мүчөсү, демократ сенатор Жек Рид X социалдык тармагындагы расмий баракчасына билдирүү жарыялаган. Анда мындай деп айтылат:
«Америкалык элдин эркине каршы туруп, президент Дональд Трамп өлкөбүздү Иран менен согушка тартты».
Трамптын негизсиз убадаларына жана Иранга кол салууну актоо үчүн ойлоп табылган жүйөлөргө токтолгон сенатор мындай деген:
«Сегиз айдын ичинде бир дагы максатка жетишилген жок, тескерисинче, Американын позициясы кооптуу түрдө алсырады».
Демократ сенатор андан ары сөзүн улап, мындай деди:
«Бул согушта 21 америкалык аскер каза болуп, 850дөн ашууну жаракат алды. Трамп менен Пит Хегсет (АКШнын согуш министри) америкалык элге дээрлик 50 миллиард долларлык аскердик чыгым жүктөп, жарандардын финансылык бакубаттуулугуна миллиарддаган долларлык зыян келтиришти», — деп билдирди.
Жек Рид кошумчалагандай:
«Америкалык үй-бүлөлөр унааларына күйүүчү май куюп, азык-түлүк сатып алып жатканда бул согуштун чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөп жатышат. Бензиндин баасы бир галлонуна 4 доллардан жогору болуп, башка жылдарга салыштырмалуу узак убакыттан бери төмөндөбөй турат. Ошого карабастан, президент Иранга кол салууларды баштаганда бул чыгымдар жөнүндө ойлонбогону менен сыймыктанат».
Сүрөттө: АКШнын Демократиялык партиясынан сенатор, Сенаттын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинин жогорку даражалуу мүчөсү Жек Рид.