Үй Редактордун тандоосуВ. Путин маркум Сейед Али Хаменеинин Газ экспорттоочу өлкөлөр форумун түзүүдөгү ролуна жогору баа берди

В. Путин маркум Сейед Али Хаменеинин Газ экспорттоочу өлкөлөр форумун түзүүдөгү ролуна жогору баа берди

by Kanykey

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ менен Израилдин авиасоккусунан шейит кеткен Иран  Ислам революциясынын лидери, аятолла Сейед Али Хаменеинин Газ экспорттоочу өлкөлөр форумун (ГЭӨФ) түзүүдөгү ролуна жогору баа берди.

Газ экспорттоочу өлкөлөр форумунун (ГЭӨФ) 8-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын каза болгон лидери аятолла Сейед Али Хаменеинин форумду түзүүдө маанилүү роль ойногонун баса белгиледи.

Ошондой эле Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын форумга мүчө мамлекеттердин бир тараптуу санкцияларга каршы биргелешип аракеттенүүсүнүн зарылдыгы тууралуу айткан пикирин колдоду.

Путин энергетикалык ресурстарга бай өлкөлөргө каршы киргизилген Батыштын бир тараптуу санкцияларына каршы турууга катышуучу мамлекеттерди чакырды. Анын айтымында, мындай санкциялар адилетсиз атаандаштыкка алып келет. Ал санкциялардын кесепеттери газ керектөөчүлөрүнө гана эмес, аны өндүрүүчүлөргө да таасир этерин кошумчалады.

Ошондой эле ал дүйнөдө газ керектөөнүн өсүү тенденциясына көңүл бурду. Путиндин билдиришинче, 2050-жылга карата дүйнөлүк газга болгон суроо-талап жылына 5,5 триллион куб метрге жетет, ал эми эл аралык жеткирүүлөр болжол менен 1,5 эсеге көбөйөт.

Путин Европанын Орусияга каршы санкцияларын да сынга алды. Анын айтымында, Орусиянын энергетикалык ресурстарынан баш тартуу менен Европа өзүнүн өнөр жайына жана социалдык тармагына зыян келтирип жатат.