Үй КАБАРЛАРХуситтер Сауд Аравиясынын мунай иштетүүчү заводдоруна жана аэропортторуна чабуул жасаганын билдиришти

Хуситтер Сауд Аравиясынын мунай иштетүүчү заводдоруна жана аэропортторуна чабуул жасаганын билдиришти

by Kanykey

Йемендин түндүгүн көзөмөдөгөн «Ансар Аллах» кыймылынын (хуситтер) басма сөз катчысы, бригадалык генерал Яхья Сариа Сауд Аравиясынын агрессиясына жооп катары, хуситтер алты атайын аскердик операцияны ишке ашырганын билдирди. Бул тууралуу Farsnews агенттиги кабарлады.

Анын айтымында, биринчи операциянын жүрүшүндө Рас-Танурадагы мунайды кайра иштетүүчү заводу бир баллистикалык ракета менен бутага алынган. Анын айтымында, ракета белгиленген бутага так тийген.

Экинчи операциянын алкагында Абкайк шаарындагы «Aramco» компаниясынын объектисине бир баллистикалык ракета менен сокку урулган.

Ошондой эле чабуулдардын үчүнчү бутасы «Король Халид» аэропорту болгон.

Төртүнчү операция учурунда «Даммам» шаарындагы «Король Фахд» эл аралык аэропорту бир учкучсуз учуучу аппарат менен бутага алынган. Бул чабуулдун натыйжасында аталган аэропорттогу аба каттамдары токтотулган.

Мындан тышкары, «Рабиг» мунайды кайра иштетүүчү заводу да бир баллистикалык ракета менен бутага алынган.

Алтынчы операциянын алкагында Нажран аймагындагы Сауд Арабиясынын аскерлери топтолгон командалык пункт бутага алынган. Чабуулдун натыйжасында Сауд Арабиясынын бир катар аскерлери жана офицерлери, ошондой эле өлкө тарапта согушуп жаткан жалданма күчтөрдүн өкүлдөрү каза болуп, жаракат алышкан.

Хуситтер Сауд Арабиясынын аймагынын тереңинде атайын аскердик операцияларды улантарын билдирди. Ошондой эле Йеменге каршы чабуулдар токтотулуп, өлкөгө коюлган блокада жоюлганга чейин «блокадага блокада менен жооп берүү» жана «чыңалууну күчөтүүгө чыңалууну күчөтүү менен жооп берүү» принцибин карманарын баса белгилешти.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июль айынын ортосунда, төрт жылдык тынчтыктан кийин, «Ансар Алла» кыймылы менен Сауд Арабиясы колдогон Йемендин өкмөттүк армиясынын ортосунда согуш аракеттери кайра жанданган. Бул аралыкта хуситтер Кызыл деңиздин жээгиндеги бүтүндөй батыш жээкти, ошондой эле Баб-эль-Мандеб кысыгына жакын жайгашкан шаарларды ээлеп алышты.
Октябрь айынын башында Йемендин эл аралык деңгээлде таанылган өкмөтү Сана шаарын хуситтерден бошотуу боюнча операция башталганын жарыялаган.