Үй КАБАРЛАРReuters: Сауд Арабиясы Йемендеги хуситтерге каршы чабуулга даярданып жатат

Reuters: Сауд Арабиясы Йемендеги хуситтерге каршы чабуулга даярданып жатат

by Kanykey

Эр-Рияд операциянын эки вариантын карап жатат: Баб-эль-Мандеб кысыгынын аймагына так сокку уруу же андан да кеңири масштабдагы чабуул баштоо. Ага 100 миңден ашуун йемендик аскер тартылышы мүмкүн.

Сауд Арабиясы Йемендеги хуситтерге каршы чабуул жасоону пландап жатат. Бул тууралуу Reuters өз булактарына таянуу менен маалымдады.

Маалыматка караганда, операция Эр-Рияддын жетекчилиги астындагы йемендик күчтөр тарабынан, Сауд Арабиясынын авиациясынын колдоосу менен жүргүзүлөт. Булактардын айтымында, союздаш өлкөлөр согуштук аракеттерге түздөн-түз катышпайт. Бирок АКШ чалгын маалыматтарын берип жатат, ал эми аймактагы жана Европадагы айрым өлкөлөр Сауд Арабиясына аскердик жардам көрсөтүүдө.

Булактардын маалыматына ылайык, Эр-Рияд операциянын эки вариантын карап жатат. Биринчиси — Баб-эль-Мандеб кысыгынын аймагына так сокку уруу. Экинчиси — Йемендин Аль-Байда, Мариб, Таиз жана Аль-Жауф провинцияларында бир катар чабуулдарды камтыган кеңири масштабдагы операция жүргүзүү.

Булактардын билдиришинче, операциянын масштабына жараша ага 100 миңден ашуун йемендик аскер тартылышы мүмкүн.

Баб-эль-Мандеб кысыгы — Инди океанынын түндүк-батышындагы, Кызыл деңизди Араб деңизинин Аден булуңу менен байланыштырган кысык. Ал Араб жарым аралын Африка мүйүзү аймагынан бөлүп турат. Европа, Азия жана Африканы байланыштырган бул кысык дүйнөлүк соода үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени ал аркылуу Суэц каналы аркылуу өтүүчү кемелер каттайт.

АКШ менен Ирандын ортосундагы согуштан улам коңшу Ормуз кысыгы иш жүзүндө жабылып калгандан кийин, Сауд Арабиясы мунай экспорттоо үчүн Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу өтүүчү маршрутту колдонуп, танкерлерин Кызыл деңиздин жээгиндеги Янбу портунда жүктөн бошотуп келген.

Агенттиктин маалыматына караганда, Сауд Арабиясы хуситтер Баб-эль-Мандеб кысыгын көзөмөлдөп турган шартта алар менен жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө бара албайт деген тыянакка келген.

Операциянын так мөөнөтү азырынча белгисиз. Ал жакынкы бир жуманын ичинде эле башталышы мүмкүн же АКШда ноябрда өтө турган аралык шайлоолордон кийин башталышы ыктымал.

Сентябрь айында йемендик хуситтер Баб-эль-Мандеб кысыгындагы стратегиялык мааниге ээ Перим аралын, аралдын тушунда Кызыл деңиздин жээгинде жайгашкан Дубаб шаарын, ошондой эле Моха порт шаарында көзөмөл орнотушкан.

Axios басылмасы жазгандай, хуситтердин Кызыл деңиз аймагындагы чабуулунун фонунда Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман АКШ президенти Дональд Трампка эки жолу телефон чалып, хуситтерге сокку урууну өтүнгөн. Трамп бул өтүнүчтү четке каккан, бирок чалгын маалыматтарын берүүгө убада кылган.