Үй ДайджестАКШнын мамлекеттик карызы тарыхта биринчи жолу 40 триллион доллардан ашты

АКШнын мамлекеттик карызы тарыхта биринчи жолу 40 триллион доллардан ашты

by Kanykey

АКШнын мамлекеттик карызы тарыхта биринчи жолу 40 триллион доллардык чектен ашты.

Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин документинде айтыларын бир катар чет элдик ЖМКлары жазышты.

Министрликтин шаршемби күнү жарыялаган маалыматына ылайык, 18-август, шейшемби күндүн жыйынтыгы боюнча АКШнын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү 40 триллион 47 миллиард долларды түзгөн.

Эске сала кетсек, июль айынын башында АКШнын жалпы мамлекеттик карызы 39,389 триллион долларды түзгөн. Бирок, август айынын орто ченинде ал 39,913 триллион долларга жеткен. Ошентип, алты жумага жетпеген убакыттын ичинде карыздын таза өсүшү 524,22 миллиард долларды түзгөн.

Ошол эле учурда калктын жана уюмдардын колунда турган АКШнын карыздык милдеттенмелеринин көлөмү 32 триллион 265 миллиард доллардан ашат. Ал эми өкмөт ичиндеги карыздык милдеттенмелер 7 триллион 781 миллиард доллардан жогору.

АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, мыйзамда белгиленген мамлекеттик карыздын жогорку чеги 41 триллион 103 миллиард доллар деңгээлинде белгиленген.

ЖМКлардын маалыматына караганда, Трамптын президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүндө АКШнын мамлекеттик карызы анын биринчи президенттик мөөнөтүнө салыштырмалуу дээрлик эки эсе тез өсүүдө.

Тактап айтканда, Трамп 2025-жылы кызматка киришкенден бери өткөн 19 айдын ичинде АКШнын мамлекеттик карызы дээрлик 3 триллион 830 миллиард долларга көбөйгөн. Ал эми Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндөгү ушул эле мезгилде мамлекеттик карыз 1 триллион 470 миллиард долларга өскөн.