АКШнын Оклахома, Теннесси жана Алабама штаттарында бүгүн үч адамга чыгарылган өлүм жазасын аткаруу пландалууда. Бул АКШда акыркы 16 жыл ичиндеги биринчи учур болуп, үч штатта өлүм жазасы бир күндө аткарылат.
Associated Press агенттиги белгилегендей, бир күндө үч өлүм жазасынын аткарылышы АКШда бул жазаны колдонуу кайра көбөйүп жатканын көрсөтөт. Өлүм жазасын активдүү колдонуп жаткан бир нече штат өлкөдөгү жалпы көрсөткүчтүн өсүшүнө таасир этүүдө.
2025-жылы АКШда 47 өлүм жазасы аткарылган. Бул 2009-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.
Маалыматка ылайык, Алабама штатында Жереми Уильямс өлүм жазасына тартылат. Ал 2021-жылы беш жаштагы кызды зордуктап, өлтүргөн деп айыпталып, өлүм жазасына кесилген. Ага карата өкүм өлүмгө алып келүүчү инъекция жолу менен аткарылышы пландалууда.
Оклахома штатында Карлос Куэста-Родригеске чыгарылган өлүм жазасы аткарылат. Ал 2003-жылы жарандык никедеги аялын өлтүргөн деп соттолгон.
Ал эми Теннесси штатында Энтони Хайнстын өлүм жазасы аткарылышы күтүлүүдө. Ал 1985-жылы төрт баланын энесин өлтүргөн деп күнөөлөнүп, өлүм жазасына кесилген.
Death Penalty Information Center уюмунун маалыматына караганда, АКШда үч штатта өлүм жазасы акыркы жолу 2010-жылы бир күндө аткарылган.
Учурда АКШнын 23 штатында өлүм жазасы толугу менен жоюлган. Дагы үч штатта аны аткарууга мораторий киргизилген. Ошол эле учурда АКШ президенти Дональд Трамп өлүм жазасын «эң оор кылмыштар» үчүн кеңири колдонуу зарылдыгын айтып келет.
Буга чейин, 29-июлда Флорида штатында 1964-жылдан бери биринчи жолу бир күндө эки өлүм жазасы аткарылган. Беш сааттын ичинде 68 жаштагы мурдагы полиция кызматкери Жеймс Дакетт жана 80 жаштагы Доминик Оккиконе өлүм жазасына тартылган. Дакетт 11 жаштагы кызды өлтүргөнү үчүн соттолгон болсо, Оккиконе мурдагы колуктусунун ата-энесин өлтүргөн деп айыпталган.