Россия ТИМнин расмий өкүлү Мария Захарова мындан аркы чыңалууга жол бербөөгө чакырып, көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү зарылдыгын баса белгиледи.
Израилдеги шайлоо алдындагы күрөш палестиналыктар менен израилдиктердин ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө өбөлгө түзгөн билдирүүлөрдү актоо үчүн себеп боло албайт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Израиль өкмөтүнүн бир катар мүчөлөрүнүн Палестинанын Улуттук администрациясынын жетекчилигин физикалык жактан жок кылуу, палестиналык аймактарды толугу менен аннексиялоо жана ал жерден араб калкын сүрүп чыгаруу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүлөрүнө комментарий берип жатып билдирди.
Билдирүүнүн тексти Россиянын ТИМинин басма сөз кызматы тарабынан бейшемби күнү, 10-сентябрда жарыяланды.
Россиянын тышкы саясий ведомствосунун өкүлүнүн айтымында, Москва Израилдин жогорку кызматтагы чиновниктеринин риторикасынын катаалдашын Израилде 27-октябрга белгиленген парламенттик шайлоолордун алдында жүрүп жаткан шайлоо өнөктүгү менен байланыштырат.
«Шайлоочулардын добуштары үчүн күрөш палестиналыктар менен израилдиктердин ортосундагы өз ара кастык жана чыдамсыздык атмосферасын ого бетер курчуткан провокациялык билдирүүлөрдү актоо үчүн себеп боло албайт», — деди Захарова.
Ал жаңжалдын тараптарын жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге жол бербөөгө чакырды.
Россиянын ТИМи ошондой эле талаштуу маселелердин баары боюнча Палестина менен Израилдин түз диалогун калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүүнүн зарылдыгын белгиледи.
Захарованын айтымында, Москва Палестина маселесин эл аралык укуктун негизинде комплекстүү жана адилеттүү жөнгө салууну башка альтернативасы жок жол деп эсептейт. Бул көз карандысыз, жашоого жөндөмдүү жана аймактык жактан бүтүн Палестина мамлекетин түзүүнү, анын Израиль менен тынчтыкта жана коопсуздукта жанаша жашоосун карайт.
Россиянын тышкы саясий ведомствосунун баамында, бул формуланы ишке ашыруу Жакынкы Чыгыш элдери үчүн бекем тынчтыкты камсыз кылууга жөндөмдүү.