Үй КАБАРЛАРПентагон Иран менен согуштан улам ок-дары тартыштыгы жаралганын биринчи жолу моюнга алды

Пентагон Иран менен согуштан улам ок-дары тартыштыгы жаралганын биринчи жолу моюнга алды

by Kanykey

АКШнын Иран менен болгон согушу ок-дарылардын жетишсиздигине жана Пентагон үчүн жеткирүү чынжырынын үзгүлтүккө учурашына алып келди. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин башкы инспектору Конгресстин тапшырмасы менен даярдалган отчетунда билдиргенин NBC News жазды.

Бул документ согуштун АКШ үчүн аскердик жана каржылык жоготууларын расмий түрдө «ичтен» баалаган алгачкы отчет болуп саналат. Буга чейин мындай маалыматтар негизинен журналисттик иликтөөлөргө жана булактардан тараган маалыматтарга таянып келген.

Отчетто согуш башталган 28-февралдан 30-июнга чейинки мезгил каралган.

Аскердик техникадагы жоготуулар

  • төрт F-15E согуштук-бомбалоочу учагы;
  • бир F-15A согуштук учагы;
  • бир A-10 «Бородавочник» чабуул коюучу учагы;
  • 12 KC-135 аба май куюучу учагы;
  • дагы тогуз башка учуучу аппарат.

Мындан тышкары, Иран АКШнын кеминде 30 MQ-9 сокку уруучу учкучсуз учагын атып түшүргөнү айтылат.

Ошондой эле Иран ракета жана учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен Бахрейндеги АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн логистикалык борборуна сокку урганы расмий түрдө ырасталган.

Каржылык чыгымдар

Коргоо министрлигинин башкы инспекторунун отчетуна ылайык, согуш 2026-жылдын июнь айынын соңуна карата АКШга жалпысынан болжол менен 33,4 миллиард долларга түшкөн.

Анын ичинен:

  • 22,3 миллиард доллар — сарпталган ок-дарылардын наркы;
  • 3,7 миллиард доллар — аскердик техниканын жоготуулары;
  • 7,4 миллиард доллар — башка чыгымдар.

Ошол эле учурда бул эсепке АКШнын аймактагы жабыркаган объектилерин оңдоого, жок кылынган учактарды алмаштырууга жана стратегиялык маанидеги курал-жарактардын запасын кайра толуктоого кеткен чыгымдар киргизилген эмес.

Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик жана дипломатиялык объектилерге жалпысынан 208 миллион долларлык зыян келтирилген.

Анын ичинде Ирак, Кувейт, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскердик базалар менен дипломатиялык өкүлчүлүктөргө келтирилген зыян 184 миллион долларды түзгөн. Дагы 25 миллион доллар курулуш долбоорлорунун кечигүүсүнөн улам жоготулган.

Адам жоготуулары

Отчетто ошондой эле 2026-жылдын июль айынын аягына карата согуштук аракеттердин жүрүшүндө 11 америкалык аскер кызматкери каза болгону айтылат. Мындан тышкары, «Эпикалык каар» операциясынын алкагындагы согуштук аракеттерге түздөн-түз байланышпаган окуяларда дагы жети аскер кызматкери каза болгон.

Ал эми июнь айынын аягына карата согуштук аракеттердин жүрүшүндө 400дөн ашуун америкалык аскер кызматкери жаракат алган.