АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Ирактан толугу менен чыгарылышы акыркы 23 жылдык аскердик өнөктүктөн кийинки Жакынкы Чыгыштагы жаңы геосаясий реалдуулукту шарттоодо. Вашингтондун бул стратегиялык чечимине өлкөдөгү 4500дөн ашык аскеринин өлүмү, 32 миңге жакын адамдын жаракат алышы жана жергиликтүү куралдуу топтордун үзгүлтүксүз чабуулдары негизги себеп болду. Бүгүнкү күндө Батыш колдогон күрттөр жана шиит-сунниттердин саясий балансы аскерлер кеткенден кийин коопсуздук вакуумун жаратып, “Ислам мамлекети” өңдүү террордук уюмдардын кайрадан баш көтөрүү тобокелдигин көтөрдү.
Мындай пикирин эл аралык экесперт, генерал-майор Медетбеков Артур Капарович “Евразия Тудей” агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

– АКШ аскерлеринин Ирактан толугу менен чыгышы жана 23 жылга созулган аскердик миссиянын аякташы Жакынкы Чыгыш аймагы үчүн эмнени түшүндүрөт?
– Бүгүнкү күндө АКШ куралдуу күчтөрүнүн Ирактан толугу менен чыгып кетиши эл аралык күн тартибиндеги орчундуу маселелердин бири болуп турат.
Буга чейинки 23 жылдык аскердик катышуусунда Вашингтон Ирактын бай жаратылыш ресурстарын өз кызыкчылыгына колдонуп, олуттуу геосаясий жана экономикалык пайда тапты. Муну менен катар, АКШ Ирактын ички саясатында күрттөр, шииттер жана сунниттердин ортосундагы балансты сактоого аракет кылды. Өлкө президенти — күрт, премьер-министр — шиит, ал эми негизги министрликтер сунниттерге таандык. Парламенттик квотанын 65%ын шииттер, 15%ын күрттөр жана калган бөлүгүн сунниттер түзөт. Мындай бийлик бөлүштүрүү системасы негизинен АКШ аскерлеринин жана Батыш кеңешчилеринин түздөн-түз колдоосу астында иштеп келген.
Бирок, Батыш миссиясынын аякташы менен аймакта коопсуздук вакууму жаралышы мүмкүн. Себеби, “ИМ” террордук топторунун кайрадан баш көтөрүү коркунучу дагы деле жогору жана буга эч ким кепилдик бере албайт. Ошондой эле, АКШнын чегинүүсүнө Ирактагы борбордук бийликке баш ийбеген айрым куралдуу топторунун акыркы жылдары америкалык базаларга жасаган чабуулдарынын дагы таасири тийди.
Статистикалык маалыматтарга таяна турган болсок, акыркы 23 жылдын ичинде Иракта АКШнын 4500дөн ашык аскери каза болуп, 32 миңге жакыны жарадар болгон. Бул жоготуулар акыркы жылдары Америка Кошмо Штаттарынын Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө Ирактагы өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетүү чечимине алып келди.
Ачыгын айтканда, АКШ аскерлери өлкөдөн чыгып кеткенден кийин, аймакта Ирандын позициясы күчөйт жана анын таасири биринчи кезекте Иракка тиет. Экинчиден, Ирандын таасири жеке эле Ирак менен чектелбестен, Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөргө, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттары менен Сауд Арабиясына да жайылат. Бул аймактагы мамлекеттердин көбү Иран менен дипломатиялык жана тынчтык жолу аркылуу көптөгөн келишимдерди түзүүгө, ошондой эле соода-экономикалык мамилелерди жогорку деңгээлге жеткирүүгө умтула башташат. Ошол эле маалда Иран Ирактагы өз позициясын бекемдеп, алдыга койгон экономикалык долбоорлорун ишке ашырууга жигердүү аракет кылат.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай — Иракта жашаган күрт улутунун келечекте өзүнчө көз карандысыз мамлекет куруу максаты толугу менен ишке ашпай калышы мүмкүн. Анткени буга Иран, Түркия жана Сирия кызыкдар эмес.
Муну менен катар, АКШ аскерлеринин кетиши менен Ирактын экспорту негизинен Түркия аркылуу өтө баштайт. Жыйынтыктап айтканда, АКШ аскерлеринин аймактан чыгышы – Жакынкы Чыгыш мамлекеттери менен Иран жана Ирактын ортосундагы соода-экономикалык, саясий жана аскердик ири өзгөрүүлөргө жол ача турган негизги бурулуш учур болуп калат деген пикирдемин.
– Ирактын расмий бийлиги өлкөдө эч кандай чет элдик базалар калбаганын жана коопсуздукту өз алдынча камсыз кылууга даяр экенин жана өлкөнү толук эгемендүү деп жарыялап, майрамдашты. Бул окуядан кийин Ирактагы жана анын айланасындагы жалпы саясий-аскердик кырдаал кандай нукка бурулушу мүмкүн?
– АКШ аскерлери чыгып кеткенден кийин Ирактагы ички кырдаал өзгөрүшү мүмкүн. Себеби Иракта негизги үч саясий жана этно-диний күчтөр бар. Алар – шииттер, сунниттер жана күрттөр. Бүгүнкү күндө АКШ аскерлери жана Батыш өлкөлөрүнүн кеңешчилери турганда гана алардын ортосунда белгилүү бир деңгээлде тең салмактуулукту сактоо аракеттери көрүлгөн. Ага карабастан, бул үч топтун ортосундагы өз ара келишпестик жана ишенбөөчүлүк дагы деле сакталып келет.
Муну менен катар, алардын куралдуу фракциялары бар. Мисалы, расмий өкмөткө баш ийбеген, өз алдынча ири куралдуу күчкө айланган “Хашд аш-Шааби”, “Катаиб Хезболла”, күрттөрдүн “Пешмерга” кошуундары жана сунниттердин кошуун топтору бар. Бул фракциялардын, өзгөчө шииттер менен күрттөрдүн, ошондой эле шииттер менен сунниттердин ортосунда карама-каршылыктар бар. Бул куралдуу топтор расмий мамлекеттик армиянын курамына толук кирбейт.
Ал эми Ирактын расмий коопсуздук күчтөрү 190 миңден ашык аскерди, 200 миңден ашык полиция кызматкерлерин жана жогоруда аталган элдик кошуундарды камтыйт. Акыркы 23 жыл ичинде бул куралдуу күчтөрдүн жана ар кыл топтордун ортосунда ар кандай деңгээлдеги чакан кагылышуулар жана карама-каршылыктар үзгүлтүксүз болуп келген.
Үчүнчүдөн, АКШ аскерлери кеткенден кийин бул куралдуу топтор Ирактын мамлекеттик түзүлүшүнө жана коопсуздугуна канчалык деңгээлде туруктуулук алып келе алат же тескерисинче, жаңы тобокелдиктерди жаратабы деген суроолор туулат.
Ошол эле маалда, Иран ирактык шииттерге колдоо көрсөтүп келет. Ал эми Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөттөрү ирактык сунниттерге мамлекеттик деңгээлде каржылык жардам көрсөтүп келет. Ошондуктан, келечекте бул тараптар бийлик, аймак жана каржы агымдарын талашып, өз ара ири жаңжалга же жарандык согушка барып калбайбы деген кооптонуулар бар.
Мунун негизинде Ирактын өзүндө радикалдык ислам ураандарын жамынган “ИМ” террордук уюмунун кайрадан баш көтөрүшү же жаңы террордук күчтөр пайда болуп, азыркы бийликке каршы чыгышы да ыктымал. Эгер ушундай жаңжал чыга турган болсо, ал бир гана Ирактын ичинде чектелбестен, бүтүндөй Жакынкы Чыгышка терс таасирин тийгизген ири гибриддик согуштун тутанышына түрткү берет.
Албетте, мындай терс сценарийлердин келип чыгышына өлкө жетекчилери менен жергиликтүү саясатчылардын каталары себеп болушу ыктымал. Бирок, эгерде ушундай чыр-чатактарга жол бербей, туруктуулукту камсыз кыла турган стратегиялык картанын негизинде иш алып барылса, ошондой эле Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн лидерлери Иракты саясий жана каржылык жактан позитивдүү колдоп турушса, анда Ирактын келечеги жана өнүгүү потенциалы абдан чоң.
– Америкалык күчтөрдүн Ирактан чыгышы аймактагы туруктуулукка кандай таасир этет жана бул процесстин артында кандай негизги себептер жатат деп ойлойсуз?
– Америкалык контингенттин Ирактан чегиниши Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө Иран багытындагы фундаменталдык стратегиялык реалдуулукту олуттуу өзгөртө албайт. Мунун негизги себеби, аймактын Батыш менен болгон терең экономикалык инте-грациясында жатат.
Маселен, дүйнөлүк мунай жана газ соодасынын 20%дан ашыгы Ирандын көзөмөлүндөгү Ормуз кысыгы аркылуу ташылат. Андан сырткары, Иран, Ирак жана Сауд Арабиясы сыяктуу энергетикалык гиганттардын углеводороддорду экспорттоодон тапкан эбегейсиз каржылык активдери негизинен АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн банктык тутумдарында сакталып, Батыштын инвестициялык объекттерине багытталат. Бул фактор Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин Батыштан каржылык, аскердик жана саясий жактан асимметриялык көз карандылыгын шарттайт. Натыйжада, Вашингтондун аймактагы таасири аскерлер кеткен күндө да көмүскө инструменттер аркылуу сакталып кала берет.
Бул геосаясий түзүлүштө Израилдин ролун да өзгөчө белгилөө зарыл. Тель-Авив АКШ менен болгон стратегиялык союздаштыгына таянып, акыркы мезгилде региондогу аскердик-саясий жигердүүлүгүн кескин күчөттү. Демек, Израилдин факторлору да Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн жаңы тең салмактуулугуна түздөн-түз калыптандыруучу таасирин тийгизет.
– АКШнын Ирактан толук чыгып кетиши анын Иранга жана жалпы Жакынкы Чыгышка карата стратегиялык багытын өзгөртүү ыктымалдуугу барбы?
– Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык багыттын келечеги АКШ менен Ирандын ортосундагы тирешүүнүн жыйынтыгынан жана бул жаңжалдын кандай натыйжа менен бүтөрүнөн түздөн-түз көз каранды.
Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрүнүн көпчүлүгү Иранды моралдык жактан колдоп, бул маселе боюнча өз позицияларын билдирип келишет. Андан сырткары, Иран мамлекети ШКУ сыяктуу ири блоктун мүчөсү болуп саналат. Уюмдун уставында тикелей аскердик көмөк көрсөтүү каралбаса да, белгилүү бир деңгээлде гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтүүгө шарттар түзүлгөн. Мунун далили катары акыркы жылдардагы согуштук аракеттер учурунда Кытай менен Россия Иранга өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде гуманитардык көмөк көрсөткөнүн белгилөөгө болот. Бул жараянга ШКУга мүчө болгон Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстан да өз салымын кошо алышты.
Бүгүнкү күндө Ирандын болгон позициясын Бишкекте өткөн ШКУнун саммитинде көбү колдоп, өздөрүнүн позицияларын айта алышты. Бирок, тилекке каршы, ШКУга мүчө мамлекеттердин арасында АКШ менен Ирандын ортосундагы согушка карата дагы деле толук бирдиктүү жана орток позиция калыптана элек.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева