Ирандык саясий серепчинин пикиринде, Жакынкы Чыгышта АКШ, Израиль жана бир катар араб өлкөлөрүнүн ортосунда коопсуздук жаатындагы кызматташтык жаңы форматка өтүп жатышы мүмкүн. Германиядагы аскер жетекчилеринин жашыруун жолугушуусун жана андан кийин Абу-Дабиде өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өз-өзүнчө эмес, бир процесстин бөлүгү катары кароо аймакта калыптанып жаткан жаңы коопсуздук архитектурасын түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
15-сентябрда Германияда өткөн АКШ, Израиль жана сегиз араб өлкөсүнүн аскер жетекчилеринин жашыруун жолугушуусун өзүнчө карай турган болсок, аны Иран менен согуш жүрүп жаткан учурдагы координация маселелерине арналган кезектеги жыйын катары гана кабыл алышыбыз мүмкүн. Бирок аны Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мухаммад бин Заеддин Абу-Дабидеги бир нече саатка созулган жолугушуусу жана андан кийинки башка сегиз өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөр менен катар караганда, кыйла кеңири көрүнүш пайда болот.
Калыптанып жаткан түзүм классикалык маанидеги «Жакынкы Чыгыш НАТОсу» болбошу мүмкүн. Бирок ал абадан жана ракетадан коргонуу системаларын, эрте эскертүү механизмдерин, деңиз чалгын маалыматын, ошондой эле башкаруу жана командалык борборлорду акырындык менен бириктирүүгө таянган көп катмарлуу жана ийкемдүү коопсуздук архитектурасынын түзүлүп жатканын көрсөтүшү мүмкүн.
Бул түзүмдө АКШнын Борбордук командачылыгы CENTCOM аскердик таяныч катары кызмат кылат, араб өлкөлөрү операциялар жүргүзүлө турган географияны, Израиль чалгындоо жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнүн бир бөлүгүн, ал эми Ормуз жана Баб-эль-Мандеб кысыктары деңиз багытындагы негизги өзөктөрдү түзөт.
Биринчи этап: коргонуу инфраструктурасын түзүү
Бул процесстин алгачкы белгилери Германиядагы жолугушууга чейин эле пайда болгон. 2026-жылдын январында АКШ жана аймактагы өнөктөштөр Катардагы Аль-Удейд аскер базасында абадан жана ракетадан коргонуунун биргелешкен координациялык борборун — MEAD-CDOC түзгөн. Бул борбор коркунуч тууралуу эскертүүлөрдү бөлүшүүгө, абадан коргонууну координациялоого жана аймактагы өлкөлөрдүн системаларынын өз ара иштешүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
1-июлда болсо CENTCOMдун командачысы Брэд Купер Бахрейнде 12 өлкөнүн аскер жетекчилерин жана жогорку даражалуу аскер кызматкерлерин чогулткан. Аймактык коргонуу жана Ормуз кысыгы аркылуу соода агымын коргоо жолугушуунун негизги темаларынын бири болгон.
Бул окуялар биринчи этапты түздү: аймактык коргонуу үчүн биргелешкен техникалык, байланыш жана башкаруу-командалык инфраструктураны түзүү.
Экинчи этап: Германияда тармактарды бириктирүү
Сентябрда Германияда өткөн жолугушуу кийинки кадам болду. CENTCOMдун командачысы адмирал Брэд Купер Израилдин, Сауд Арабиясынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катардын, Бахрейндин, Кувейттин, Иорданиянын жана Египеттин жогорку даражалуу аскер жетекчилерин бир жерге чогултту.
Жолугушууда Иран маселеси гана талкууланган эмес. Күн тартибине ракетадан коргонуу, Ормуз кысыгынын коопсуздугу, Йемендеги согуш жана Баб-эль-Мандеб кысыгы боюнча маселелер да кирген.
Жолугушуунун маанилүү жагы — Израиль жана Иранга карата саясаты ар башка болгон өлкөлөрдүн АКШнын аскерий түзүмүнүн алдында бир жерге чогулушунда.
Мунун максаты сөзсүз түрдө алардын баарынын биргелешкен согушка катышуусу дегенди билдирбейт. Реалдуурак модель — радарларды, эрте эскертүү маалыматтарын, чалгындоо, байкоо жана чалгындоо системаларын (ISR), ракетадан коргонуу комплекстерин, деңиз чалгын маалыматын жана башкаруу борборлорун өз ара байланыштыруу.
Мындай моделде мүчөлөр саясий союздаш болушу шарт эмес. Алар үчүн коркунучту аныктап, аны өз убагында бирдиктүү тармакка жеткирүү жетиштүү. Мындай түзүмдүн баалуулугу бирдиктүү командачылыкты түзүүдө эмес, реакция кылуу убактысын кыскартууда жана улуттук системалардын ортосундагы боштуктарды болтурбоодо турат. Бирок кийинчерээк бирдиктүү командачылыкка да өтүлүшү мүмкүн.
Ушул себептен бул процесс НАТОдогу классикалык моделден айырмаланат: ал Иранга каршы жалпы коргонуу боюнча милдеттенмеси бар келишимдик уюмга караганда, операциялык жана конкреттүү маселелерге багытталган тармактык түзүмгө көбүрөөк окшош.
Үчүнчү этап: Абу-Даби жана саясий деңгээлдин кошулушу
Германиядагы жолугушуу негизинен аскерий мүнөздө болсо, 27-сентябрда Нетаньяху менен Мухаммад бин Заиддин Абу-Дабиде жолугушуусу бул процесстин саясий катмарын ачык көрсөттү. Жолугушуу БАЭнин президенти шейх Мухаммад бин Заиддин чакыруусу менен өткөн. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, жолугушуу алты саатка созулган.
Бириккен Араб Эмираттарынын расмий маалымат агенттиги жолугушууда эки тараптуу мамилелерге жана аймактагы окуяларга басым жасалганын билдирген. Ал эми ЖМКлардагы маалыматтарда Иран сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири болгону айтылган.
Кийинки жаңы маалыматтар жолугушуу эки этапта өткөнүн кабарлоодо: алгач Нетаньяху менен Мухаммад бин Заид түз сүйлөшүү өткөргөн, андан кийин АКШ, Сауд Арабиясы, Марокко, Египет, Кувейт, Бахрейн, Ливия жана Омандын өкүлдөрү катышкан кеңейтилген жолугушуу болгон.
Эгер бул бөлүк өз алдынча тастыкталса, анда Абу-Даби жөн гана эки тараптуу жолугушуунун орду болбостон, бул тармактын саясий, коопсуздук жана чалгындоо деңгээлдерин бириктирген чекитке айланат.
Алгач Германияда аскер жетекчилери аймактык коопсуздук түзүмүн талкуулашкан. Андан кийин эки жумага жетпеген убакыт өткөн соң Израиль менен БАЭнин лидерлери бир нече саат бою жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Маалыматтарга караганда, кийин сүйлөшүүлөргө дагы бир нече өлкө тартылган.
Бул ырааттуулук сөзсүз түрдө «биргелешкен аскерий операциянын планын» кабыл алуу болгонун далилдебейт. Бирок ал эки деңгээлде параллелдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын көрсөтөт: биринчиси — CENTCOMдун алкагындагы аскерий деңгээл, экинчиси — аймактагы негизги оюнчулардын ортосундагы саясий деңгээл.
Эмне үчүн БАЭ өзгөчө мааниге ээ?
БАЭ бул түзүмдө өзгөчө орунду ээлейт. Ал Вашингтондун коопсуздук боюнча өнөктөшү, Израиль менен расмий дипломатиялык мамилеси бар мамлекет, Перс булуңунун түштүк жээгинде, Иранга карама-каршы тарапта жайгашкан өлкө болуп саналат. Ошондой эле БАЭнин Йемендеги жана Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу өткөн деңиз жолдорунда тажрыйбасы бар.
Июль айында CENTCOM АКШ менен БАЭнин ортосунда жасалма интеллект боюнча алгачкы эки тараптуу жумушчу топтун түзүлгөндүгүн жарыялады; бул — маалыматтар, технологиялар жана башкаруу чөйрөлөрүндө кызматташтыктын кеңейип жатканынын белгиси.
Автор: Али Махди, ирандык саясий серепчи