1-сентябрда Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясында үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан турак үйгө АКШнын Куралдуу күчтөрү сокку урду. Ошондой эле Кухестак шаарындагы турак үй да чабуулга кабылды.
Хормозган провинциясынын губернаторунун орун басары Ахмад Нафиси Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясында үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан жерге АКШ тарабынан жасалган чабуулдун кесепетинен жабыркагандардын саны 68ге жеткенин билдирди.
Иран бийлиги ошондой эле төрт адам каза болгонун маалымдады. Ал эми айрым ЖМКлар Ирандын Кызыл Жарым Ай коомуна таянып, каза болгондордун саны беш адамга жеткенин билдиришүүдө.
Ирандын аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча вице-президенти Захра Бехрузазар да Ирандын түштүгүндөгү үйлөнүү үлпөтүнө жасалган АКШнын чабуулун кылмыш деп атады.
«Америкалык душмандын Сириктеги үйлөнүү үлпөтүнө жасаган ырайымсыз чабуулунан төрт адам каза болуп, дагы 50 адам жаракат алды. Бул — кылмыш», — деп жазды ал X социалдык тармагында.
Чабуул жоопсуз калбайт
Ирандын Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча парламенттик комитетинин төрагасы Эбрахим Азизи АКШнын Ирандын Хормозган провинциясында үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан жерге жасаган чабуулу жоопсуз калбай турганын билдирди.
«Кухестекте үйлөнүү үлпөтүнө жасалган чабуул жана карапайым тургундардын өлтүрүлүшү өздөрүн адам укуктарын коргоочулар катары гана көрсөтүп келгендердин толук айласыз абалынын талашсыз далили. Бул — алардын буга чейин Минаб жана Ламард шаарларында жасаган мыкаачылыктарынын кайталанышы. Элестерге алдырбагыла, бул кылмыштар жазасыз калбайт. Ирандын куралдуу күчтөрүнүн кыйратуучу күчүнөн күнөөлүүлөрдү эч нерсе куткара албайт», — деп айтылат Азизинин X социалдык тармагындагы баракчасында.
ТИМдин билдирүүсү
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи Иран бул жырткычтык кылмыштарга чечкиндүү жооп берерин билдирди.
Багаинин айтымында, АКШнын Иран элине каршы кылмыштарынын тизмеси дагы толукталды. Ал бүгүн түнү Сирик шаарынын Кухестек аймагындагы турак жай эл үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп жаткан учурда бутага алынганын белгиледи.
Анын маалыматына караганда, чабуулдун кесепетинен 50дөн ашуун бейкүнөө аял, эркек жана бала каза болуп, жарадар болгон.
Багаи бул окуяны буга чейин Минабда, Ламардда, Кешм аралында жана башка аймактарда болгон чабуулдардан бөлүп кароого болбой турганын айтты. Ошондой эле ал мындай чабуулдарды аскердик объектилерге жасалган соккулардан да өзүнчө кароого болбой турганын белгиледи. Анын айтымында, буга чейинки чабуулдар ар кандай жалган аталыштар жана адаштыруучу жүйөлөр менен жаап-жашырылган.
Багаи белгилегендей, бомбанын өзүнөн да коркунучтуусу — бомбалоонун көнүмүш көрүнүшкө айланышы. Ал эми унчукпай коюудан да коркунучтуусу — бул унчукпоо мыйзамдуулукту билдирет деген түшүнүктүн жаралышы экенин айтты.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү өлкө мындай «жырткычтык кылмыштарга» чечкиндүү жооп берерин дагы бир жолу билдирди.
Ошол эле учурда Багаи мындай мыкаачылыкка карата унчукпай турган же аны актоого аракет кылган мамлекеттер менен эл аралык уюмдарга кайрылды. Анын айтымында, мындай унчукпоо бейтараптык катары кабыл алынбашы керек.
Багаи мыйзамсыз чабуулдар жана ачык кылмыштар саясий кызыкчылык үчүн акталып, «жууп-тазаланып» жаткан учурда кылмышты айыптоо менен аны кадимки көрүнүш катары кабыл алуунун ортосундагы чек жоголорун кошумчалады.
Анын айтымында, бүгүн унчукпай тургандар эртең бул унчукпастыктын кесепеттеринен өздөрү да кутула алышпайт. Анткени адилетсиздикке жана кылмышка көз жумуу аны токтотпойт, тескерисинче, кылмышкерлерди өз аракеттерин улантууга ого бетер шыктандырат.