Япониянын Коргоо министрлиги 4-августта жыл сайын жарыялануучу «Ак китеп» баяндамасын сунуштады. Анда эл аралык коопсуздук жаатындагы кырдаал Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки эң татаал мезгилди баштан кечирип жатканы белгиленет.
Япониянын коргонуу ведомствосунун баамында, дүйнө күчтөрдүн глобалдык тең салмагы өзгөрүп, мамлекеттер ортосундагы атаандаштык күчөгөн жана заманбап куралдуу кагылышуулардын мүнөзүн өзгөрткөн жаңы технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан жаңы кризистер дооруна кадам таштоодо.
Баяндамада биринчи жолу «согуш жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларына» өзгөчө көңүл бурулган. Коргоо министрлигинин адистери Украинадагы жаңжал арзан баадагы учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) массалык түрдө колдонуунун чечүүчү мааниге ээ экенин көрсөткөнүн белгилешет. Алар кымбат баалуу аскердик техникаларды жана инфраструктуралык объектилерди жок кылууда, ошондой эле ракеталык жана артиллериялык соккулар менен айкалышкан кеңири масштабдагы координацияланган чабуулдарды жүргүзүүдө колдонулууда.
Ведомство ошондой эле жасалма интеллект жана заманбап байланыш каражаттары чечим кабыл алуу процессин кыйла ылдамдатканын белгилейт. Мындан тышкары, согуш аракеттери барган сайын космостук, кибер жана электромагниттик мейкиндиктеги операциялар, ошондой эле маалыматтык согуштун элементтери менен айкалыштырылып жүргүзүлүп жатканы айтылат.
Баяндаманын авторлору курал-жарактар менен аскердик тактикалардын өтө тез ылдамдыкта жаңыланып, дээрлик үзгүлтүксүз өркүндөтүлүп жатканын да өзгөчө белгилешет.
Ушундай жагдайдын фонунда Токио келечекте Украинадагыдай кырдаал Индо-Тынч океан аймагында, айрыкча Чыгыш Азияда да келип чыгышы мүмкүн деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу Япония Европа менен Азиянын коопсуздугу бири-биринен ажырагыс экенин белгилеп, АКШнын союздашы катары Европадагы кырдаалдын өнүгүшүнө жана анын Азиядагы коопсуздук абалына тийгизген таасирине кылдат көз салып турарын билдирет.
Баяндаманын өзүнчө бөлүгү Түндүк Кореяга арналган. Япониянын Коргоо министрлиги Пхеньянды өлкөнүн улуттук коопсуздугуна эң түздөн-түз коркунуч туудурган мамлекет катары баалайт.