Үй КАБАРЛАРАк Үйдөгү кайым айтыш. Ирандын лидери Зеленскийге АКШга ишенүүгө болбостугун эске салды

Ак Үйдөгү кайым айтыш. Ирандын лидери Зеленскийге АКШга ишенүүгө болбостугун эске салды

by Kanykey

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи АКШнын президенти Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин Ак Үйдөгү ачык кайым айтышуусунан кийин X социалдык тармагында АКШга ишенүүгө болбостугу тууралуу үч жыл мурун жазган сөздөрүн эске салып, аны менен кайра бөлүштү.

2022-жылдын 1-мартында Хаменеи Х баракчасында билдирүү жасап, анын ичинде Украинадагы кырдаал боюнча Батыш өлкөлөрүнүн колдоосуна үмүттөнүүнү мираж деп атап, АКШ менен Европага ишенүүгө болбостугун билдирген.

“Украинадагы кырдаалдан алынган биринчи сабак – Батыш державаларынын алардын марионеткалары болгон өлкөлөр менен өкмөттөрдү колдоосу – мираж. Муну бардык өкмөттөр түшүнүшү керек. АКШ менен Европага үмүт арткан өкмөттөр Украинанын азыркы абалын көрүшсүн. 2022-жыл 1-март”, – деп айтылат Хаменеинин украин тилинде жарыяланган билдирүүсүндө.

Эске салсак, 28-февралда Вашингтонго Украинанын кен байлыктарын биргелешип иштетүү боюнча келишимге кол коюу үчүн келген өлкө президенти Владимир Зеленскийдин АКШ лидери Дональд Трамп жана вице-президенти Вэнстин ортосунда талаш-тартыш жаралып,  Зеленский жолугушуу бүтө электе эле залдан чыгып кеткен.