Америкалык аналитик Брэндон Вайкерт Иран авиа ташуучу кемелерге каршы колдонууга арналган «Касем Басир» ракетасын колдонгонун айтты.
Анын айтымында, бул Ирандын эң жаңы жана өнүккөн кемеге каршы баллистикалык ракеталарынын бири. Ракета учуунун акыркы этабында багытын өзгөртүүгө мүмкүндүк берген маневрлөөчү кыймылдаткычтар менен жабдылган.
Аналитик ракетанын мүмкүнчүлүктөрүн өтө жогору баалап, аны атып түшүрүү кыйын экенин белгилеген.
https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F1514175544064480%2F&show_text=false&width=560&t=0
Анын баамында, Ирандын бул кадамын АКШга берилген эскертүү катары кароого болот: «Кысыктан чыгып кеткиле, болбосо силерге оор кесепеттер болот. Бизди токтото албайсыңар» деген билдирүү берилген.
Буга чейин Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Мохсен Резаи Иран АКШнын авиа ташуучу кемесинин үстүндө кемеге каршы ракетанын бир түрүн биринчи жолу сынаганын билдирген.
“Биз кемеге каршы ракетабызды биринчи жолу америкалык согуштук кеменин үстүнөн түз сынадык”, – деген Ирандын коопсуздук кызматынын өкүлү.