Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ акыркы үч жылда америкалыктардын салыгынан түшкөн 11 миллиард долларды Израилдин ракетадан коргонуу системасына жумшаганын билдирди.
“Акыркы үч жылдын ичинде Америка Кошмо Штаттары Израилдин ракетадан коргонуу системасына америкалык салык төлөөчүлөрдүн 11 миллиард долларын жумшады”, – деп жазды Аракчи Х соцтармагындагы баракчасына.
Ал Вашингтон Израилди коргоо үчүн Израилдин өзүнө караганда көбүрөөк ракета кармоочу каражаттарды (ракеталарды) колдонгонун белгиледи.
Арагчи билдирүүсүндө эки тараптын мамилесин бир тараптуу деп мүнөздөп: «Бул мындан ары өз ара пайдалуу мамиле эмес, тескерисинче, мите курт сыяктуу мамиле болуп калды», — деп белгиледи.

Жарыяланган материалга тиркелген таблицага ылайык, 2023-жылдын октябрынан бери АКШ Израилдин аймагын коргоо үчүн болжол менен 609 ракета кармоочу каражатты колдонгон. Бул аракеттердин болжолдуу баасы 11 миллиард долларга жакынды түзгөн.
Маалыматтарга ылайык, эң чоң чыгым 2026-жылдын 28-февралынан 21-майына чейинки аралыкта болгон. Бул учурда АКШ күчтөрү болжол менен 310 даана ракета кармоочу каражатты (анын ичинде THAAD, SM-3 жана SM-6 системаларын) колдонгон, ал эми алардын жалпы баасы болжол менен 5,2 миллиард долларды түзгөн.
2025-жылдын июнь айында Израилдин Иранга каршы жүргүзгөн 12 күндүк согушу учурунда, Америка Кошмо Штаттары болжол менен 4,8 миллиард долларга бааланган 235ке жакын ракета кармоочу каражатты (анын ичинде THAAD жана SM-3 системаларын) колдонгон.