Үй АНАЛИТИКАА. Медетбеков: “Хуситтер боюнча Ирандын позициясы жакында белгилүү болот”

А. Медетбеков: “Хуситтер боюнча Ирандын позициясы жакында белгилүү болот”

by Kanykey

Сауд Аравиясында Мекке шаарына жакын жайгашкан Таиф шаарында ири аскердик аба базасы бар. Бул базадан көтөрүлгөн аскердик учактар Йемендеги хуситтердин позицияларын тез-тез бомбалап турат. Ал эми Жидда шаарынын четинде Сауд Аравиясынын Аскер-деңиз флоту жайгашкан. Алар өздөрүнүн согуштук кемелери менен деңиз тараптан хуситтерге каршы операцияларды жүргүзүп келишет.

Мына ушундай аскердик картаны эске алганда, хуситтердин бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн ыйык болгон Мекке шаарына атайылап кол салуусу логикага сыйбайт. Ошондуктан бул айыптоолор чындыкка дал келбеген маалымат болушу мүмкүн.

Анткени хуситтердин негизги максаты — өздөрүнө сокку уруп жаткан Таифтеги аскердик аба базасы же Жиддадагы аскердик объекттер болуп саналат. Ал эми Сауд Аравиясы тараптын “Меккеге кол салуу болду” деген билдирүүсү, саясий максатта коомдук пикирди өзгөртүү үчүн жасалган манипуляция болушу да ыктымал.

Мындай пикирин УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Медетбеков Артур Капарович “Евразия Тудей” агенттигинин суролоруна жооп берип жатып билдирди.

– Артур Капарович, Сауд Аравиясы менен хуситтердин ортосундагы өз ара сокку уруулары жана Меккенин түштүгүндө учкучсуз аппараттын атып түшүрүлүшү канчалык деңгээлде мусулман өлкөлөрү үчүн кооптуу?

– Бүгүнкү күндө Сауд Аравиясы менен хуситтердин ортосундагы карама-каршылык жана өз ара сокку уруулар жакында эле башталып калган жок. Мунун өзүнчө терең тарыхы бар. Алгач 2004-жылы Йемендин түндүгүндө куралдуу топ катары уюшулган хуситтер кийинчерээк өлкөнү толук көзөмөлдөөгө аракет кылышкан. Натыйжада, 2014-жылы алар өлкөнүн борбору Сана шаарын басып алышкан. Бүгүнкү күндө Йемендин калкы эң жыш жайгашкан аймактарынын 70-80%га жакыны дал ушул хуситтердин колунда турат.

Экинчиден, хуситтер — ислам дининдеги шийит багытынын зейдилик (заидиттик) агымына таандык ири диний-аскердик топ болуп саналат. Алар Йеменди көзөмөлгө алууга умтулуп, согуштук аракеттер күчөгөндөн кийин, 2015-жылы бул жаңжалга Сауд Аравиясы аралашкан. Эр-Рияддын башкы максаты Йемендин эгемендүүлүгүн сактап калуу жана хуситтердин куралдуу топторун толук жоюу болгон.

Бирок бүгүнкү күндө хуситтер өздөрүнүн ири курал-жарак арсеналы менен Кызыл деңиз жана Перс булуңундагы өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык кеме каттамдарына кандайдыр бир деңгээлде коркунуч туудурат. Анткени алардын карамагында 2 миң километрге чейин жете турган баллистикалык ракеталар, заманбап учкучсуз дрондор жана деңиз дрондору бар. Бул куралдардын негизги бөлүгү союздаш кошуна өлкөлөрдөн жана мурдагы Советтер Союзунан Йеменге берилип, кийин хуситтердин колуна өтүп кеткен советтик аскердик техникалардын базасында жасалган.

Негизинен, бул согуштук аракетте хуситтер Сауд Аравиясынын аскердик базаларына жана мунай өндүрүүчү ири заводдоруна (Aramco) сокку урууну башкы бутага алып келишет. Маселен, Сауд Аравиясында Мекке шаарына жакын жайгашкан Таиф шаарында ири аскердик аба базасы бар. Бул базадан көтөрүлгөн аскердик учактар Йемендеги хуситтердин позицияларын тез-тез бомбалап турат. Ал эми Жидда шаарынын жээгинде Сауд Аравиясынын Аскер-деңиз флоту жайгашкан. Алар өздөрүнүн согуштук кемелери менен деңиз тараптан хуситтерге каршы операцияларды жүргүзүп келишет.

Мына ушундай аскердик картаны эске алганда, хуситтердин бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн ыйык болгон Мекке шаарына атайылап кол салуусу логикага сыйбайт. Бул айыптоолор чындыкка дал келбеген маалымат болушу мүмкүн. Анткени хуситтердин негизги максаты — өздөрүнө сокку уруп жаткан Таифтеги аскердик аба базасы же Жиддадагы аскердик объекттер болуп саналат. Ал эми Сауд тараптын “Меккеге кол салуу болду” деген билдирүүсү, саясий максатта коомдук пикирди өзгөртүү үчүн жасалган манипуляция болушу ыктымал.

– Сиздин божомолуңуз кандай?

– Биринчиден, хуситтер Таифтеги аскердик базаны бутага алып, баллистикалык ракета учурганда, ал техникалык мүчүлүштүктөн улам багытынан чыгып кеткен болушу мүмкүн. Же болбосо, Сауд Аравиясынын абадан коргонуу системалары ракетага Меккеге жакын аймактан сокку уруп, ал абада жарылган. Мына ушундай техникалык жагдайдан улам ракета ыйык шаарга багытталгандай таасир калтырышы ыктымал.

Экинчиден, бир маанилүү жагдайды эстен чыгарбоо керек: Сауд Аравиясы менен Израилдин аскердик жана атайын кызматтары көп жылдан бери АКШ аркылуу тыгыз кызматташып, кеңешчилер деңгээлинде иш алып барышат. Ошондуктан, эл аралык маалымат мейкиндигинде хуситтердин атын булгап, аларды ислам дүйнөсүнө жаман көрсөтүү үчүн атайын маалыматтык кампаниялар уюштурулушу толук мүмкүн.

Эгер мусулман өлкөлөрү Сауд Аравиясын жактап, хуситтерди “ыйык жерлерге кол салды” деп айыпташса, анда хуситтер эл аралык колдоодон ажырап, жалгыз калат. Бул — каршы тараптын негизги стратегиялык максаты.

Үчүнчүдөн, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү көптөгөн мусулман мамлекеттери жана эксперттер бул окуяны терең талдап, тактоо иштерин жүргүзүүдө. Меккеде эч кандай жарылуу болбогондуктан жана ракетанын так ошол жерге багытталганы тууралуу ишенимдүү далилдер жок болгондуктан, эл аралык коомчулуктун көбү Сауд тараптын айыптоолоруна күмөн менен карап, бул маалыматты четке кагууда.

– Бул такталбаган маалыматка жана айыптоого кандай баа бересиз?

– Албетте, бул багытта Батыш өлкөлөрүнүн жана Израилдин атайын кызматтарынын маалыматты тез арада башка нукка буруу, туура эмес маалыматтарды таратуу же атайын чагымчылык (провокация) уюштуруу боюнча тажрыйбасы жана жүргүзгөн иштери аз эмес.

Бирок, экинчи тарапты да эске алуу керек. Эгерде хуситтер тарабынан учурулган баллистикалык ракеталар кокусунан багытынан жаңылып, Мекке шаарынын ичине же анын четине кулап, жарылуу болуп калса, анда хуситтерди эч нерсе актай албайт. Мындай жагдайда бүткүл мусулман дүйнөсү хуситтерге болгон көз карашын заматта өзгөртөт. Натыйжада, алар ислам дүйнөсүндө эң жек көрүндү топко айланып, эл аралык деңгээлде өтө оор жана айласыз абалда калышы мүмкүн.

Биринчиден, мындай коркунучтуу жагдайдын алдын алуу үчүн бүгүнкү күндө Мекке шаарынын жана анын айланасындагы аскердик базалардын тегерегине заманбап абадан коргонуу системалары жана мейкиндикти көзөмөлдөөчү жогорку технологиялык жабдыктар орнотулган. Бул күчтүү коргонуудан улам ракеталардын же дрондордун Меккенин ичине түз сокку уруусу толугу менен мүмкүн эмес. Ошол эле учурда, хуситтер өздөрү да мындай кадамга эч качан барышпайт. Алар дагы мусулман болгондуктан, ислам дүйнөсүнүн эң ыйык жана таасири чоң борборуна атайылап кол салуу алардын диний ишенимине да, саясий кызыкчылыгына да карама-каршы келет.

Экинчиден, мындай оор айыптоолор жана такталбаган маалыматтар өзгөчө геосаясий максаттар үчүн колдонулуп келет. Каршы тарап ушул жагдайдан пайдаланып, дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды өзүнө тартууну жана Йеменге каршы коомдук пикир жаратууну көздөйт. Бул маалыматтык ресурстар аркылуу хуситтерди толук изоляциялоо (блокадага алуу) жана эл аралык деңгээлде айыптоо үчүн атайын шарт түзүү максатында жасалат. Бул сыяктуу текшерилбеген, такталбаган маалыматтар жана чагымчылдыктар эл аралык медиа мейкиндигинде дайыма болуп келген жана боло бермекчи. Бирок мунун артында геосаясат жаткандыктан  кесепети оор болот.

Бул маалыматтардын аскердик жана саясий гана эмес, өтө чоң экономикалык мааниси бар. Баарына маалым болгондой, акыркы убакта хуситтер Кызыл деңиз аркылуу өткөн эл аралык соода кемелерине жана жарандык флотторго кол салып, глобалдык соода каттамдарына олуттуу коркунуч жаратууда. Эгерде келечекте хуситтерди толук талкалоо операциясы ишке ашса, бул жагдай Сауд Аравиясына гана эмес, Батыш өлкөлөрүнө, өзгөчө АКШ менен Европа биримдигине чоң саясий жана экономикалык пайда алып келет.

Бирок бир нерсени эстен чыгарбоо керек. Хуситтердин армиясы бүгүнкү күндө заманбап аскердик техникаларды колдонууга жана  абдан жакшы машыккан. Алар жыйырма жылдан ашык убакыттан бери үзгүлтүксүз согуш шартында жашап келишет. Андан сырткары, алардын артында 25 миллионго чукул калкы бар мамлекеттик ресурс турат.

Үчүнчүдөн, хуситтер сырттан келген бөтөн идеологияларды кабыл албаган, ич ара бекем ширелишкен монолиттүү зейдилик шиизм багытын карманышат. Бул жабык тутум аларды кубаттуу аскердик түзүлүшкө айланткан. Албетте, Йемендин ичиндеги кээ бир нааразы соодагерлерди же жашыруун оппозицияны Израилдин атайын кызматтары өз кызыкчылыгына колдонуп, алардан маалымат алып, Сауд Аравиясына каршы курал катары пайдаланууга аракет кылышы мүмкүн. Бирок, бул сырткы таасирлер хуситтердин коомдогу бекем ордун жана кубаттуу аскердик күчүн биротоло жоюуга негиз боло албайт.

– Жакында эле Сауд Аравиясы Түркия жана Пакистан менен биргеликте жаңы маанилүү аскердик-стратегиялык кызматташтыкты түздү. Бул өлкөлөрдүн реакциясы кандай болушу мүмкүн жана Ирандын позициясы өзгөрүшү ыктымалбы?

– Келечекте бул жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук миссияны аткарып жаткан Омандын дипломатиялык аракеттери же Ирандын түздөн-түз чечими чоң ролду ойнойт. Бул тараптар хуситтердин Сауд Аравиясына сокку уруусун биротоло токтотууга жол издөөдө.

Экинчиден, Сауд Аравиясы, Түркия жана Пакистан биргеликте маанилүү аскердик-стратегиялык кызматташтыкты түзүштү. Эгерде бул коалиция хуситтерге каршы бирдиктүү, кескин позициясын билдирип, аймакка өздөрүнүн аскердик кемелерин же истребителдерин жөнөтө турган болсо, хуситтер артка чегинүүгө мажбур болот. Мындай кубаттуу кысым алардын башкы өнөктөшү болгон Иран менен сүйлөшүүлөрдү тездетип, тынчтык келишимине жол ачышы мүмкүн. Антпесе, аталган үчтүк блоктун соккусунан хуситтер толугу менен жоюлбаса да, өтө катуу зыян тартып, алсырап калат.

Акыркы расмий маалыматтарга таянсак, хуситтер маалымат айдыңында Түркия менен Пакистанга ачык эскертүү беришти. Алар эгерде бул өлкөлөр Сауд Арабиясын колдоп, хуситтерге каршы аскерий сокку ура турган болсо, баллистикалык ракеталарды жана куралдуу күчтөрдү колдонуу менен Стамбул жана Исламабад шаарларына каршы жооптук соккуларды жасашарын билдиришти.

Мындай кооптуу билдирүүлөр коомчулукта чоң тынчсызданууну жаратууда. Көпчүлүктү “бул окуялар Батыштын же англосакс өлкөлөрүнүн атайын кызматтары тарабынан уюштурулуп, мусулман дүйнөсүнүн ичине от жаккан чоң согушка айланып кетпейби?” деген суроо ойго салууда. Мына ушундан улам, Жакынкы Чыгыштагы бул чыр-чатактын глобалдык согушка айланып кетпеши үчүн көптөгөн мамлекеттер кырдаалга өзгөчө көңүл буруп, кооптонуу менен көз салып турушат.

Бул кырдаалда Ирандын кандай позицияны карманары жакынкы арада белгилүү болот. Иран дагы мусулман мамлекети болгондуктан, алар Мекке шаарынын ыйыктыгын баалашат жана ага кандайдыр бир коркунуч келишине жол беришпейт. Ошондуктан Тегеран өз кезегинде хуситтерге бул багытта тымызын эскертүү берип, кырдаалды турукташтырууга шарт түзүүсү толук ыктымал.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева