“Кайхан”: Эки стратегиялык кысык жабылса, дүйнөлүк экономика оор кризиске туш болот
“Кайхан” гезити Баб-эль-Мандеб жана Ормуз кысыктары жабылган учурда кандай кесепеттер жаралышы мүмкүн экенин талдап чыкты.
Басылманын пикиринде, бул эки стратегиялык деңиз өтмөгүндөгү коопсуздук коркунучтарынын айкалышы дүйнөлүк сооданы жаңы баскычка алып келет. Анда жүк ташуу чыгымдарынын кескин өсүшү, мунай экспортунун үзгүлтүккө учурашы, Суэц каналына түшкөн басымдын күчөшү жана кризистин дүйнөнүн ири экономикаларына жайылышы мүмкүн болгон негизги кесепеттердин бир бөлүгү гана болот.
Мындан тышкары, эки кысыктын тең жабылышы Сауд Арабиясын Ормуз кысыгын айланып өтүүчү эң маанилүү альтернативдүү каттамынан ажыратат. Мындай шартта Сауд Арабиясы, Египет, Кытай жана энергия ресурстарын ири көлөмдө импорттоочу Европа өлкөлөрү, Индия, Япония жана Түштүк Корея эң көп зыян тарткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Натыйжада кризис аймактык жаңжалдын чегинен чыгып, дүйнөлүк экономикалык кризиске айланышы мүмкүн.
«Иран»: Вашингтондун максаты — согуштан кийинки күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртүү
«Иран» гезити АКШнын Иранга карата күчөтүлгөн басымы жана аскердик аракеттеринин максатын талдап чыкты.
Басылманын жазышынча, Вашингтондун негизги максаты жаңы согуш тутандыруу эмес, акыркы 40 күндүк согуштун жүрүшүндө калыптанган күчтөрдүн тең салмактуулугун бузуу болуп саналат.
Гезиттин баамында, ушул мезгил аралыгында Иран өзүнүн чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрүнө, коомдук колдоого, геосаясий жайгашуусуна жана өзгөчө Ормуз кысыгын көзөмөлдөшүнө таянып, АКШ менен анын союздаштары үчүн согуштун чыгымын кыйла жогорулата алган. Мунун натыйжасында кризистеги жаңы тоскоолдук тең салмактуулугу түзүлгөн.
Бул жагдай Вашингтонду баштапкы максаттарынын айрымдарынан баш тартууга жана Исламабад менен жакындашууга мажбур кылган. Ошондуктан акыркы чабуулдар жана коркутуулар Иран мурдагыдай эле өзүнүн стратегиялык артыкчылыктарын пайдалана алабы же жокпу, ошону текшерүү аракети катары бааланууда.
Гезит белгилегендей, Дональд Трамп үчүн күч көрсөтүү атаандашына басым жасоо гана эмес, ошондой эле мурда алсырап кеткен эл аралык аброюн калыбына келтирүүнүн жолу болуп эсептелет.
Donya-e-Eqtesad: Максималдуу басым саясаты ийгиликсиз болду
«Донья-и-Эктисад» гезити АКШнын Иранга карата жүргүзгөн саясатын ийгиликсиз деп баалады.
Басылманын маалыматына ылайык, дээрлик жарым кылымдан бери Вашингтон «максималдуу басым» саясатын стратегиялык доктрина катары колдонуп келет. Бул саясаттын негизги максаты — санкциялар, эл аралык обочолонтуу, диверсиялар жана аскердик басым аркылуу Иранды алсыратуу болчу.
Бирок мындай максат ишке ашкан жок. Иран бүгүнкү күндө да дүйнөлүк геосаясаттагы маанилүү оюнчу бойдон калууда.
Жакында болгон согуш дагы бир жолу бул стратегияны текшерүүгө мүмкүнчүлүк берди. АКШ Тегеранды же мунасага келтирүүнү, же саясий системасын кыйратууну көздөгөн. Бирок Иран мындай басымга моюн сунган жок жана өлкөнүн саясий түзүлүшү кулаган жок.
Максималдуу басым Ирандын айрым коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн алсыратканы менен, аны дүйнөлүк саясаттагы таасирсиз мамлекетке айланта алган жок. Тескерисинче, өлкө тышкы басымга туруктуураак болуп, Кытай жана Орусия менен кызматташууга көбүрөөк багыт алды.
«Сазандеги»: АКШнын Перс булуңундагы согушу экологиялык коркунучту күчөтүүдө
«Сазандеги» гезити Иран менен АКШнын Перс булуңундагы тирешине башка өңүттөн баа берип, Ормуз кысыгы жана Перс булуңундагы стратегиялык суу жолдорунун айланасындагы чыңалуу жөн гана аскердик же коопсуздук маселеси эмес, бардык жээктеги мамлекеттер үчүн узак мөөнөттүү экологиялык коркунуч экенин белгиледи.
Басылманын жазышынча, бүгүнкү күндө Перс булуңу Иран, АКШ, Израил, араб өлкөлөрү жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин атаандаштыгынын негизги аянтчасына айланган.
Ар бир тарап энергетикалык коопсуздук жана күчтөрдүн тең салмактуулугу тууралуу айтып жаткан менен, бир чындыкты эске албай жатат: айлана-чөйрөнүн булганышы мамлекеттик чек араларды да, саясий атаандаштыкты да тааныбайт.
Гезиттин пикиринде, бүгүнкү эң чоң геосаясий жаңылыштык — экологияны коргобой туруп коопсуздукту камсыз кылууга болот деген түшүнүк. Согушту жарашуу келишими аркылуу токтотууга мүмкүн, бирок экологиялык булганууну мындай жол менен токтотуу мүмкүн эмес.
Ошондуктан Перс булуңу бүгүн аскердик кемелерге караганда көбүрөөк кызматташууга муктаж. Анткени айлана-чөйрөнүн бузулушунан келип чыккан коркунучтарды эч бир коргонуу системасы токтото албайт.
«Жам-э-Жам»: Биздин саясаттын негизги өзөгү — улуттук кызыкчылыктарды коргоо
«Жам-э-Жам» гезити АКШ менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө Ирандын дипломатиялык тобунун максаттарын талдап чыкты.
Басылманын маалыматына ылайык, сүйлөшүүчүлөр Пакистандагы жолугушууларда да, мурда Катардын ортомчулугу менен Оманда өткөн сүйлөшүүлөрдө да АКШга ишеним жок экенин бир нече жолу билдиришкен. Себеби Вашингтон буга чейин өз милдеттенмелерин бир нече жолу бузган.
Ошого карабастан, Иран сүйлөшүүлөргө өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын жана коопсуздугун коргоо үчүн катышууда. Анткени АКШнын басымы менен чет өлкөлөрдө тоңдурулган Ирандын миллиарддаган долларлык активдери кайра кайтарылышы керек.
Гезит белгилегендей, атаандаш менен өз ара түшүнүшүүгө жетишүү улуттук кызыкчылыктарды коргоону гана эмес, сүйлөшүүлөрдүн негизги тиреги болуп саналган Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүнү да көздөйт. Дал ушул мүмкүнчүлүк болбосо, сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкмак эмес.
Ошол эле учурда Ирандын АКШга жана башка атаандаштарына карата саясатынын башкы принциби өзгөрүүсүз бойдон калууда — бул улуттук кызыкчылыктарды коргоо.