АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга байланыштуу Израилдин саясатын сынга алды. Ал Израиль тарап палестиналыктардын жерлерин тартып алып, ашыкча катаал аракеттерди көргөнүн билдирди.
Анын айтымында, палестиналыктарга жеңилдик берүүдөн баш тартуу Израилдин моралдык позициясын алсыратат жана узак мөөнөттүү коопсуздукту камсыз кыла албайт. Ал коопсуздукту дубал тургузуу, аскердик күчкө таянуу жана палестиналыктардын укуктарын көз жаздымда калтыруу менен гана камсыз кылуу мүмкүн эместигин баса белгилеген.
Обама мындай билдирүүлөрдү Түндүк Ирландиянын борбору Белфаст шаарында журналист жана жазуучу Сьюзан Маккей менен болгон маегинде жасаганын иран ЖМКлары жазышты.
АКШнын мурдагы президенти Газа тилкесиндеги согуш тууралуу сөз кылып жатып, болуп жаткан окуялар бардык адамдардын жүрөгүн оорутушу керектигин айтты.
Ал еврейлер мурда башынан өткөргөн куугунтуктардан кийин коопсуз баш калкалоочу жай табууга умтулганын түшүнүүгө болорун, бирок башка адамдардын жерлерин басып алууну актоого мүмкүн эмес экенин баса белгилеген.
“Алар баш калкалай турган жай табууга умтулганы толук түшүнүктүү. Бирок, алардын башка адамдардын жерин тартып алганы жана бул жагынан чектен чыгып кеткени да талашсыз чындык. Ошол адамдар: “Бул адилетсиздик. Мен жеримди кайтарып алгым келет”, — деп адилеттүү айтышкан”, — деди Обама.
Мурдагы америкалык лидер ошондой эле палестиналыктарга эч ким өзү үчүн кабыл алгысы келбеген жашоо шарттарын таңуулоого жол берилбеши керектигин билдирди.
Анын айтымында, Израиль жети миллион палестиналык эч жакка кетпей турганын жана өз жеринде жашоосун уланта берерин моюнга алышы керек.