Израилдеги ири Бен-Гурион аэропортунун кызматкерлер профсоюзу иш таштоо жарыялап, буга байланыштуу аэропортту убактылуу жабуу чечими кабыл алынганын Израилдин Аэропорттор башкармалыгы билдиргенин бир катар чет элдик ЖМКлар жазышты.
«Профсоюз жарыялаган иш таштоого байланыштуу Бен-Гурион аэропортунда саат 14:00дөн (Москва убактысы менен дал келет — ред.) тарта келип жаткан каттамдарды кабыл алуу акырындык менен токтотулат. Учуп кетүүчү каттамдар жаңыртылган график боюнча аткарылат», — деп айтылат билдирүүдө.
Израилдин 12-каналынын маалыматына караганда, аэропорттун жетекчилиги иштеги олуттуу үзгүлтүктөрдөн улам «кризистик абал» жарыялады.
Учурда аэропорт өтө жогорку жүктөм менен иштеп жатат. Бул өлкөдөн учуп чыгуучу каттамдардын тынымсыз кечигишине алып келүүдө. Ошол эле учурда азырынча каттамдардын токтотулганы тууралуу маалымат жок.
Профсоюздун күтүүсүз жарыялаган иш таштоосу Бен-Гурион аэропортунун ишиндеги эң жүктөмдүү мезгилдердин бирине — эс алуу сезонуна туш келди.
Израилдик ЖМКлардын маалыматына караганда, бейшемби күнү Бен-Гурион аэропорту аркылуу болжол менен 107 миң жүргүнчү өтүп, 600дөн ашык каттам аткарылышы керек. Бирок азыртадан эле терминалдын бардык аймактарында олуттуу кечигүүлөр байкалууда.