Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Израилдин аракеттерин айыптап, Сириянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн толук урматтоо зарылдыгын белгиледи.
Бул тууралуу ал X социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
Гутерриш Израилдин 1974-жылдагы күчтөрдү ажыратуу жөнүндө макулдашууну бузушу кабыл алынгыс экенин белгилеп, мындай аракеттерди токтотууга чакырды.
«Сириянын эгемендиги, көз карандысыздыгы, биримдиги жана аймактык бүтүндүгү толук урматталышы керек», — деди БУУнун Башкы катчысы.
Маалыматка ылайык, Башар Асаддын режими кулагандан кийин Израил армиясы 1974-жылы түзүлгөн «Күчтөрдү ажыратуу жөнүндө макулдашууну» бузуп, Сириянын түштүгүндөгү Израил көзөмөлүнө өткөн Дераа жана Кунейтра провинцияларында 10дон ашуун аскердик база жана объект курган.