Үй КАБАРЛАРБУУ Африка өлкөлөрүнүн дүйнө картасын өзгөртүү демилгесин колдоду

БУУ Африка өлкөлөрүнүн дүйнө картасын өзгөртүү демилгесин колдоду

by Kanykey

Көптөгөн муундар бою колдонулуп келген дүйнө картасында Африка континенти чыныгы көлөмүнө караганда кыйла кичине көрсөтүлүп келген. Жума күнү Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө мамлекеттердин басымдуу көпчүлүгү бул түшүнүктү өзгөртүү демилгесин колдоду.

БУУнун Башкы Ассамблеясы африкалык өлкөлөр демилгелеген дүйнө карталарында Жер шарын чагылдыруу ыкмасын өзгөртүү боюнча сунушту жактырды.

Того тарабынан демилгеленген жана Африка биримдигинин (АБ) мүчөлөрү колдогон «Картаны оңдоо» (Correct the Map) деп аталган резолюцияны 164 мамлекет, анын ичинде Франция жана Улуу Британия колдоду. АКШ гана бул резолюцияга каршы добуш берген жалгыз өлкө болду.

Ал эми алты өлкө — Эстония, Грузия, Литва, Молдова, Сербия жана Украина — добуш берүүдө калыс позицияда калышты.

XVI кылымдан бери кеңири колдонулуп келген Меркатор проекциясындагы карта аймактардын көлөмүн бурмалап көрсөткөнү үчүн көптөн бери сынга кабылып келет.

Тактап айтканда, бул картада Африканын көлөмү Гренландия менен болжолдуу бирдей көрүнөт. Чындыгында болсо Африка Гренландиядан болжол менен 14 эсе чоң.

Сынчылар мындай визуалдык бурмалоо экваторго жакын жайгашкан өлкөлөрдүн маанисин, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана өнүгүүгө болгон муктаждыктарын төмөндөтүп көрсөтөт деп эсептешет.

Жума күнкү добуш берүүнүн алдында Тогонун тышкы иштер министри Робер Дюссе Reuters агенттигине: «Адилеттүү дүйнө адилеттүү картадан башталат», — деп билдирген.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын жаңы картаны колдонуу боюнча чечими милдеттүү мүнөзгө ээ эмес. Бирок бул резолюция дүйнө жүзүндөгү ар кандай мекемелер колдонгон карталардын өзгөрүшүнө алып келет деп күтүлүүдө.