Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, генерал-майор Ахмад Вахиди аймактан тышкаркы эч бир держава Ормуз кысыгында жана Перс булуңунда коркутууга, үстөмдүк кылуучу аскердик катышууга жана кийлигишүүгө укугу жок экенин билдирди.
Бул тууралуу Fars маалымат агенттиги маалымдады.
Вахиди өзүнүн соцтармактагы жеке баракчасына англис тилинде билдирүү жарыялап, анда аймактан тышкаркы эч бир державанын Ормуз кысыгы менен Перс булуңунда коркутуу көрсөтүүгө, үстөмдүк кылуучу мүнөздө катышууга жана кийлигишүүгө укугу жок экенин белгилеген.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи АКШ согушту улантып жаткан чакта Ормуз кысыгында коопсуздук калыбына келбей турганын билдирип, бул суу жолу Иран күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин баса белгилеген.
28-февралда АКШ менен Израил Ирандагы буталарга сокку ура башташкан, бул иран тараптын жооп кайтаруусуна алып келген. Июндун ортосунда Тегеран менен Вашингтон согуштук аракеттерди токтотуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан, бирок кийинчерээк кайрадан сокку алмашуулар уланган. Учурда чыр-чатак чечиле элек.
Иран менен АКШнын ортосундагы чыр-чатак Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин жүрүшүн дээрлик токтотту. Бул мунай, мунай продуктылары жана суюлтулган жаратылыш газынын дүйнөлүк рыноктору үчүн негизги жеткирүү жолу болуп саналат. Натыйжада, көпчүлүк өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү.
Акыркы айларда Иран Ормуз кысыгын башкаруу жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн өз колунда кармап келет. Ирандын расмий өкүлдөрү бул стратегиялык суу жолу аркылуу деңиз кыймылы өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан жарыяланган эрежелерди жана коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү керектигин бир нече жолу баса белгилешкен.