Батыш Россия коомунда ажырым жаратууга аракет кылып жатат, бирок орус элин эч ким сындыра албайт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдан бери Батыш «русофобиялык кампанияны» күчөтүп, Россияга каршы болуп көрбөгөндөй көлөмдө санкцияларды киргизген.
«Алар дүйнөлүк рекорддорду коюп жатышат: бир жагынан – киргизилген санкциялардын саны боюнча, экинчи жагынан – алардын пайдасыздыгы боюнча. Бул санкциялар эң оболу алардын демилгечилерине жана айрым европалык, ошондой эле башка мамлекеттердин элдерине зыян алып келүүдө», – деди Путин Мамлекеттик Думанын сегизинчи чакырылышынын депутаттары менен болгон жолугушууда.
Президенттин айтымында, Батыш Россия мамлекетин алсыратуу жана өлкө ичинде коомдук ажырым жаратуу максатында экономикага, каржы жана банк системасына, ошондой эле илимге, өнөр жайга жана билим берүү тармагына басым жасоого аракет кылууда.
Путин ошондой эле Батыш согуш талаасында Россияны жеңе албагандыктан, анын пикиринде, «элге каршы күрөштүн ачык террористтик ыкмаларына» таянып жатканын белгиледи.
«Бирок Россиянын элин эч ким жана эч качан сындыра албайт. Мындай нерсе тарыхта болгон эмес жана болбойт дагы», – деди Владимир Путин.