Иран парламентинин төрагасы, ошондой эле АКШ менен сүйлөшүүлөрдөгү Ирандын сүйлөшүү тобунун башчысы Мохаммад-Багер Галибаф АКШнын Каржы министри Скотт Бессентке кайрылып, аны өз өлкөсүнүн каржы маселелери менен алектенүүгө чакырды.
Галибаф бул тууралуу Бессенттин бейшемби күнү Иран өз элинин муктаждыктарына жетиштүү каражат жумшабай жатат деген билдирүүсүнө жооп катары X социалдык тармагында жазды.
Иран парламентинин төрагасы өз кезегинде АКШ миллиарддаган долларды өз жарандарынын муктаждыктарына жумшап, аны «Израилге жана 750 аскердик базага» коротпой койсо болмок экенин белгиледи.
«Скотти, сенин аброюң коркунучта. Бир нерсе кыл», — деп жазды Галибаф Бессенттин Иранга карата айткан сын-пикирине комментарий берип жатып.
Ирандык саясатчы билдирүүсүнө The New York Times гезитиндеги макаланын шилтемесин да тиркеген. Анда АКШнын Каржы министринин дүйнөлүк экономикага таасир этүү аракеттеринде мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экендиги айтылат.
Буга чейин Галибаф Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдеррахман Аль Тани менен жолугушууда АКШнын Иранды экономикалык жактан обочолонтуу пландары Вашингтонго эч кандай натыйжа алып келбей турганын билдирген.
«Бул америкалык план да натыйжасыз болот. Иран эли өз укуктарын татыктуу түрдө коргойт», — деген ал.
Ошондой эле парламенттин спикери АКШ өкмөтү туура эмес чечимдерди кабыл алып жатканын жана «каржылык, аскердик жана адамдык ресурстарды шамалга сапырып жатканын» айткан.
АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандын аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Буга жооп катары Иран тарап да сокку урууларды жүргүзгөн. Июнь айынын ортосунда Тегеран менен Вашингтон согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу меморандумга кол коюшкан. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин тараптар кайрадан бири-бирине сокку ура баштаган.
Учурда жаңжал жөнгө салынган эмес. Ошол эле учурда тараптар түздөн-түз согуштук аракеттерди жүргүзбөй, АКШ Иранга карата экономикалык басым көрсөтүү саясатына таянууда.