Үй Редактордун тандоосуГалибаф: АКШ меморандумдун шарттарын аткармайынча, Иран Ормуз кысыгын ачпайт

Галибаф: АКШ меморандумдун шарттарын аткармайынча, Иран Ормуз кысыгын ачпайт

by Kanykey

Иран АКШ тарабынан июнь айынын ортосунда кол коюлган меморандумдун шарттары аткарылмайынча, Ормуз кысыгын ачпайт.

Бул тууралуу Иран парламентинин спикери жана АКШ менен сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүл Мохаммад-Багер Галибаф билдирди.

Анын Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө Ормуз кысыгы блокада алынмайынча, тоңдурулган активдердин эсептери ачылмайынча, мунай санкциялары жоюлмайынча, коркутуулар жана бардык багыттардагы аскердик аракеттер токтотулмайынча, ошондой эле меморандумда каралган башка шарттар аткарылмайынча ачылбай турганы айтылат.

Өткөн аптада Трамп Иранды жеңгенден кийин Ормуз кысыгын АКШнын аймагы деп жарыялай турганын айткан.

Ак үйдөгү иш-чара учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Трамп: «Менимче, бул эң сонун идея. Биз аны көзөмөлдөп жатабыз. Аны АКШнын аймагы деп жарыялоо идеясы мага жагат», — деген.

Буга чейин Иран армиясынын командачысы, генерал Амир Хатами АКШнын Ормуз кысыгы, Перс жана Оман булуңдары аркылуу өтүүгө укугу жок экенин билдирген.

Анын айтымында, америкалык аскерлер аймактан чыгарылган жана мындан ары алардын Перс жана Оман булуңдарына, ошондой эле Ормуз кысыгына кирүүсүнө жол берилбейт.

«Америкалык аскерлер чыгарылды жана алардын Перс жана Оман булуңдарына, ошондой эле Ормуз кысыгына кайра кирүүсүнө уруксат берилбейт. Баары америкалык базалар мурдагы абалына эч качан кайта албасын түшүнүшү керек. Иран буга эч качан жол бербейт», — деген Хатами. Анын сөздөрүн Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы IRIB келтирген.

Генерал ошондой эле Ормуз кысыгы Иран үчүн маанилүү геосаясий мүмкүнчүлүк экенин жана бул суу жолундагы кырдаал мурдагы абалына кайтып келбей турганын белгилеген.

«Бул рычаг (Ормуз кысыгы — ред.) АКШ менен согушту токтотуу үчүн зарыл болгон шарттардын бири», — деген Хатами.

Буга чейин Сауд Арабиясынын Al-Hadath телеканалы Иран менен Омандын Ормуз кысыгын кеме жүрүшү үчүн толук ачуу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирген. Маалыматка ылайык, келишимди Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши бекитиши керек. Телеканал расмий билдирүү жакынкы күндөрү жасалышы мүмкүн экенин кабарлаган.

АКШ президенти Дональд Трамп 8-июлда Иран менен 18-июнга караган түнү жетишилген ок атышууну токтотуу келишими мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген. Андан соң АКШ армиясы Иранга каршы бир нече сокку урган. АКШнын Борбордук командачылыгы бул чабуулдар Ормуз кысыгын кесип өткөн коммерциялык кемелерге карата Ирандын аракеттерине жооп катары жасалганын билдирген.

Буга жооп катары Тегеран Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндөгү америкалык аскердик базаларга сокку урган, Ормуз кысыгын жапкан жана Вашингтонду согуштук аракеттерди токтотуу боюнча меморандумдун шарттарын бузду деп айыптаган.

Акыркы жумаларда Вашингтон менен Тегеран Жакынкы Чыгыштагы ортомчулардын катышуусунда жаңжалды токтотууга аракет кылып жатышат.