Үй Редактордун тандоосуГалибаф Рубиого жооп кайтарды: «Силерди Валериандын тагдыры күтөт, тизе бүгүүгө аргасыз болосуңар»

Галибаф Рубиого жооп кайтарды: «Силерди Валериандын тагдыры күтөт, тизе бүгүүгө аргасыз болосуңар»

by Kanykey

Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф АКШнын мамлекеттик катчысына кайрылып: «Тарых бою Александр Македонскийдин мурасына ээ болууга умтулгандарды Валериандын тагдыры күтөт. Силер тизе бүгүүгө аргасыз болосуңар», — деп жазды.

Pars Today басылмасынын маалыматына ылайык, Мохаммад Багер Галибаф жума күнү кечинде социалдык тармактагы баракчасына АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Иран цивилизациясы тууралуу билдирүүсүнө жооп катары билдирүү жарыялаган.

«Тарых бою биз, ирандыктар, өздөрүн дүйнөнүн кожоюну деп жарыялап, байыркы цивилизацияларды жер менен жексен кылууга аракет кылгандарга туш болуп келгенбиз. Алар от жана жалын менен келишкен, бирок күлгө айланып, кордукка кабылып кетишкен», — деп жазган Галибаф.
Ал сөзүн андан ары улап: «Александрдын мурасына ээ болууну көздөгөндөрдү (Рим императору) Валериандын тагдыры күтөт. Силер тизе бүгүүгө аргасыз болосуңар», — деп кошумчалаган.