Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы кырдаал көзөмөлдөн чыгып, «ойго да келбеген чекке» жакындап жатканын эскертти. Анын айтымында, аймак барган сайын кеңейип жаткан куралдуу жаңжалдардын айлампасына тереңирээк тартылууда.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо» күн тартибиндеги «Талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү механизмдерин чыңдоо» темасындагы ачык жыйынында сүйлөгөн Гутерриш бүгүнкү күндө жаңжалдардын саны көбөйүп, татаалдашып, узакка созулуп жана кеңири масштабга жетип жатканын белгиледи.
«Биз эл аралык укукту олуттуу деңгээлде тоготпогон көрүнүшкө күбө болуп жатабыз. Жоопкерчиликсиздик күчөп жатат. Эл аралык укук бузуулар жоопсуз калууда», — деди ал.
БУУнун башкы катчысынын айтымында, бул көрүнүш эң ачык түрдө Жакынкы Чыгышта байкалууда.
«Кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратат. Ал ойго да келбеген чекке жакындап калды. Аймак улам кеңейип жаткан жаңжалдардын айлампасына барган сайын тереңирээк тартылууда», — деп баса белгиледи Гутерриш.
Ал кризистер бири-бирин күчөтүп жатканын, ал эми куралдуу кагылышуулар улана берген сайын саясий максаттар бүдөмүк болуп бара жатканын айтты.
Гутерриш ошондой эле Ормуз кысыгы жана Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу эл аралык деңиз каттамынын эркиндигин толугу менен калыбына келтирүүнүн зарылдыгын белгилеп, кырдаалды жөнгө салуунун жалгыз жолу дипломатия экенин дагы бир жолу кайталады.
«Ок атышууну токтотуу тууралуу айтылганына карабастан, Газанын тургундары күн сайын оор жоготууларга учурап жатышат»
Газа тилкесиндеги абалга токтолгон БУУнун башкы катчысы ок атышууну токтотуу режими жөнүндө айтылганына карабастан, карапайым калк күн сайын оор жоготууларга дуушар болуп жатканын билдирди.
«Газада, ок атышууну токтотуу тууралуу айтылганына карабастан, жарандар күн сайын оор баа төлөп жатышат. Адамдар өз үйлөрүндө, жашаган жамааттарында жана күнүмдүк иштерин аткарып жүргөндө каза болууда», — деди ал.
Гутерриштин айтымында, Израиль Газа тилкесиндеги көзөмөлүн күчөтүп жаткан учурда, оорулардын жайылышынан улам жашоо шарттары дагы да начарлап, гуманитардык жардам көрсөтүү иштери олуттуу деңгээлде тоскоолдуктарга туш болууда.
Батыш Жээктеги кырдаалга токтолгон БУУнун башчысы ал жерде иш жүзүндөгү аннексия процесси уланып жатканын эскертти.
«Биз Батыш Жээкте жөөт конуштарынын кеңейип жатканын, Израилдин ири аскердик операцияларын жана калктын массалык көчүрүлүшүн көрүп жатабыз», — деди ал.
Гутерриш ошондой эле Украинадагы, Сахель аймагындагы, Судандагы жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндөгү жаңжалдарга көңүл буруп, алардын адамдарга чоң азап алып келип, жашоо каражаттарын жок кылып, массалык көчүүгө жана оор гуманитардык кесепеттерге себеп болуп жатканын белгиледи.
Сөзүнүн соңунда ал дипломатия бул жаңжалдарды токтотууга жөндөмдүү экенин айтып, БУУнун Катчылыгынын ортомчулук аракеттерин күчөтүүгө жана чыңалууну азайтуу менен жаңжалдардын андан ары күчөшүнө жол бербөө үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин эрте жана чечкиндүү аракеттерин камсыз кылууга чакырды.