Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) Иран менен сооданы жана кызматташтыктын башка багыттарын өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бууга байланыштуу тармактык семинар өткөрүлдү.
Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) басма сөз кызматы билдирди.
Эки тараптуу өнөктөштүккө тоскоолдуктарды аныктоо боюнча талкуу уюм менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин ишке ашыруунун алкагында өткөнү белгиленди.
«Биздин максат – Биргелешкен комитеттин экинчи жыйынына чейин көйгөйлүү маселелердин так тизмесин түзүп, аларды чечүү боюнча сунуштарды жана өнөктөш тарап менен кийинки кызматташтыктын алкагында ишке ашырыла турган макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо», – деди ЕЭКтин министри Андрей Слепнев.
Семинардын жүрүшүндө тараптар техникалык жөнгө салуулар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, ошондой эле адал продукцияны жеткирүүнү, төлөмдөрдү жана тиешелүү долбоорлорду камсыздандырууну жөнөкөйлөтүү сыяктуу бир катар темаларды талкуулашты.
Мындан тышкары, талкуунун катышуучулары «Түндүк – Түштүк» эл аралык экономикалык коридорун өнүктүрүүгө, логистикалык, темир жол жана порттук инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле жолугушууда автомобиль аркылуу жүк ташуунун шарттары, документ жүгүртүүнү санариптештирүү, тышкы соода жол-жоболорунун ачыктыгын жогорулатуу, анын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн компанияларынын Ирандын атайын экономикалык аймактарында иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
«Бүгүнкү талкуу Макулдашуунун артыкчылыктарын иш жүзүндө толук пайдалануу үчүн тарифтик эмес тоскоолдуктарды ырааттуу жоюу, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле ишенимдүү эсептешүү жана камсыздандыруу механизмдерин түзүү зарыл экенин дагы бир жолу тастыктады», – деп белгиледи Слепнев.
Ал Жакынкы Чыгыштагы жана Ирандын айланасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу соода агымдарынын багытын өзгөртүүгө байланыштуу мындай иш-чаралар барган сайын актуалдуу болуп баратканын кошумчалады.
Семинардын жыйынтыгында алынган сунуштар жана материалдар эксперттик иш-чараларда колдонулары белгиленди.