Ормуз жана Баб-эль-Мандеб кысыктарындагы кризистердин фонунда мунайдын баасы өсүү динамикасын сактап, баррели 100 доллардан жогору бойдон калууда.
АКШнын ири мунай компанияларынын бири — Chevron компаниясынын жетекчиси Майк Вирттин айтымында, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнө кезектеги күйүүчү май кризисине туш болду.
«Баага жана жеткирүүгө байланышкан тобокелдиктерди жумшартууга жардам берген механизмдер негизинен түгөндү. Системада Иран менен жаңжал башталган учурда болгон резервдер эми жок», — деген анын сөзүн The Wall Street Journal басылмасы келтирди.
Вирттин белгилешинче, жакынкы убакта күйүүчү майдын баасынын тез арада төмөндөшүн элестетүү кыйын.
Басылма сурамжылаган эксперттер да Жакынкы Чыгыштагы уланып жаткан жаңжалдан улам кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин белгилешет. Алардын айтымында, дүйнөдөгү коммерциялык күйүүчү май запастары азайып, стратегиялык резервдер дээрлик түгөнүп калды.
Сауд Арабиясы бир катар дрон чабуулдарынан кийин Ормуз кысыгын айланып өтүү үчүн пайдаланылган «Чыгыш — Батыш» мунай куурун жабууну чечти. Ошондой эле өлкө европалык кардарларына мунай жөнөтүүнү убактылуу токтотконун билдирди.
Мунайдын баасынын өсүшү жана туруксуздуктун күчөшү шартында Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине дээрлик 110 долларга чейин көтөрүлдү. Ал эми Жакынкы Чыгыштагы Oman жана Murban маркасындагы, 2026-жылдын ноябрында жеткириле турган мунай фьючерстеринин баасы 130 доллардан ашты.
Эл аралык валюта фондунун өкүлү Жули Козактын айтымында, мунай менен газдын баасы жогору бойдон калууда.
«Мунай затын кайра иштетүүдөн алынган продукциялардын, анын ичинде дизелдик жана авиациялык күйүүчү майдын баасы да абдан жогору. Ормуз кысыгы аркылуу өтүп жаткан кемелердин саны согушка чейинки көрсөткүчтүн ондон бир бөлүгүн гана түзүүдө. Ошондой эле айрым өлкөлөр мунай менен газды резервдерден пайдаланып жатканын билебиз. Бирок белгилүү бир убакыттан кийин ал запастарды кайра толтурууга туура келет», — деди ал.
Мындан тышкары, ал Түндүк жарым шарда кыш жакындап келатканын, бул энергия булактарына болгон кошумча суроо-талапты жаратарын кошумчалады.
Европа: энергияга кеткен миллиарддаган евро чыгымдар
“Известия” басылмасы Евростаттын жана Еврокомиссиянын маалыматтарынын негизинде жүргүзгөн эсептөөлөргө ылайык, европалыктар 2026-жылдын март айынан июнь айына чейин Ирандын айланасындагы жаңжалдан улам энергияга жана автоунаа күйүүчү майына кеминде 19 миллиард евро ашыкча төлөшкөн. Кошумча чыгымдардын эң чоң көлөмү Францияга — 4,3 миллиард евро, Германияга — 3,6 миллиард евро, Италияга — 3,36 миллиард евро туура келген. Эсептөөлөрдө күйүүчү майды керектөө көлөмү өзгөргөн эмес деген божомол колдонулган.
Нидерланддарда бензиндин баасы рекорд жаңылады
Нидерланддарда ири май куюучу жайларда бензиндин бир литри 2,66 еврого чейин жетип, өлкөнүн тарыхындагы абсолюттук рекордду жаңылады.
NU.nl порталынын маалыматына караганда, автожолдордон алыс жайгашкан май куюучу жайларда баалар бир аз төмөн бойдон калууда. Буга чейинки рекорд 6-майда катталып, анда АИ-95 бензининин бир литри 2,64 еврону түзгөн. Ошол эле учурда дизелдик отундун баасы литрине 2,63 евро болду. Бул 8-апрелде катталган рекорддук 2,81 евродон төмөн.
Польша: бийлик күйүүчү майдын баасын кармай албай калды
Польшанын бийлиги сентябрдын башында май куюучу жайларда бензин менен дизелдин баасын мындан ары кармап тура албай турганын мойнуна алган. Тиешелүү программа апрель айынан июндун ортосуна чейин иштеген.
Бензин менен дизелдин жогорку баа чеги Энергетика министрлиги тарабынан белгиленген. Күйүүчү майды белгиленген чектен жогору баада саткан компанияларга болжол менен 270 миң доллар айып пул салуу каралган.
Германиядагы кырдаал
Германиянын Бүткүл өлкөлүк автоунаа клубунун (ADAC) маалыматына ылайык, дизелдин жана курамында 10 пайызга чейин биоэтанол бар E10 бензининин баасы дагы бир жолу тарыхый максимумга жетти. Май куюучу жайларда дизелдин орточо баасы литрине 2,453 еврого чейин көтөрүлдү. Күйүүчү майдын кымбатташынын фонунда Германиядагы инфляция жылдык эсеп менен 2,9 пайызга чейин тездеди. Август айында энергия булактарынын баасы өткөн жылдын август айына салыштырмалуу 10,5 пайызга өскөн.
Жазында Германиянын Бундестагы май-июнь айларында бензин менен дизелге салынган салыкты литрине 17 центке төмөндөтүүнү жактырган. Германиянын эмгек министри Бербель Басстын айтымында, бул чара керектөөчүлөр менен ишканалар үчүн күйүүчү майга берилген салыктык жеңилдиктердин жалпы көлөмүн болжол менен 1,6 миллиард еврого жеткирген.
Бирок июндун ортосунда жүргүзүлгөн сурамжылоолор Германиядагы айдоочулардын дээрлик үчтөн бири күйүүчү майдын кымбаттыгынан улам автоунаа менен жүргөн сапарларынан көбүрөөк баш тарта баштаганын көрсөткөн.
Учурда Германия өкмөтү күйүүчү майдын баасынын өсүшүн кармап калуу боюнча жаңы чараларды жакын арада кабыл аларын жарыялады.
Франция: балыкчылардын нааразычылыгы жана мунай компанияларына карата сын
Францияда дизелдик отундун баасы литрине болжол менен 1,7 евродон 2,3 еврого чейин өстү. Ал эми SP95-E10 бензининин баасы 1,7 евродон 2,1 еврого чейин жогорулады.
Мындай шартта Франциянын TotalEnergies компаниясы өзүнө караштуу май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасын убактылуу тоңдуруу чечимин жарыялады. Бензиндин баасы литрине 1,99 евро, дизелдики 2,25 евро деңгээлинде белгиленди.
Ошол эле учурда компания июль айында 2026-жылдын экинчи чейрегинде 6 миллиард доллар киреше алганын билдирген. Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп.
Франция өкмөтүнүн расмий өкүлү Мод Брежон TotalEnergies компаниясынын кирешесинин кескин өсүшүнө байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Францияда күйүүчү май менен камсыз кыла ала турган ири дүйнөлүк энергетикалык компаниянын бар экенин артыкчылык катары атаган.
Ал оппозициялык саясатчылардын компания согуштан пайда көрүп жатат жана ашыкча кирешесине салык төлөбөй жатат деген билдирүүлөрүн «куугунтук» деп атаган.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжал башталганга чейин француз балыкчыларынын кемелери үчүн дизелдик отундун баасы литрине болжол менен 0,6 еврону түзгөн. Азыр бул көрсөткүч 1,2 еврого чейин өскөн.
Бул тууралуу Прованс — Альп — Лазур жээги аймагындагы балыкчылар бирикмесинин өкүлү Кристин Поншарро билдирди.
Шейшембиде балыкчылар өлкөнүн түштүгүндөгү Фос-сюр-Мер коммунасында митингге чыгып, мунай базасына баруучу жолду тосушкан. Бейшембиде алар баанын кескин өсүшүнө нааразылык билдирип, Ницца портун да тосушкан.
Маалыматтарга караганда, нааразылык акциялары Фронтиньян, Сет, Фос-сюр-Мер, Пор-ла-Нувель жана Ле-Гро-дю-Руа шаарларындагы порттордо да өткөн. Кийинки кезекте Марсель жана Тулон шаарлары турат.
Le Figaro гезити күйүүчү майдын тартыштыгы иш таштоого чакырыктардын көбөйүшүнө алып келгенин белгилеп, бул көрүнүш француздарга «сары жилеттер» кыймылын эске салганын жазды.
Кризистин күчөшүнүн фонунда Франциянын президенти Эммануэль Макрон өкмөттөн өлкөнү күйүүчү май менен камсыз кылуу жана баанын өсүшүн ооздуктоо үчүн бардык ресурстарды «мобилизациялоону» талап кылды.
АКШдагы кырдаал
АКШда да кырдаал окшош. Бир нече күн катары менен дизелдик отундун орточо баасы тарыхый рекорддорду жаңылап, акырында галлону 6 доллардан жогору деңгээлде токтоду. Жыл башына салыштырмалуу АКШда дизелдин орточо баасы 68,3 пайызга өстү.
Улуттук автоунаа ассоциациясынын маалыматы жана ТАССтын эсептөөлөрүнө ылайык, эң кымбат дизелдик отун Калифорния штатында сатылууда — галлону 8,15 доллар. Андан кийинки орундарда Вашингтон — 7,22 доллар жана Гавайи — 6,93 доллар турат. Эң арзан дизел Вайоминг жана Техас штаттарында — 5,83 доллардан, ал эми Оклахомада — 5,84 доллардан сатылууда.
Ошол эле учурда АКШнын стратегиялык мунай запастары 1982-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Сентябрдын башына карата запастын көлөмү 286,6 миллион баррелди, башкача айтканда сактоо жайларынын жалпы сыйымдуулугунун болжол менен 40 пайызын түздү.
16-сентябрда АКШнын Федералдык резерв системасы үч жыл ичинде биринчи жолу пайыздык ченди 25 базистик пунктка көтөрүп, аны 3,75–4 пайыз деңгээлине чыгарды. Бул чечим АКШ президенти Дональд Трамптын кысымына карабастан кабыл алынган.
Эксперттер бул чечимди аргасыз кадам катары баалашууда. Алардын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы согуш мунайдын жана мунайзат продукцияларынын, өзгөчө дизелдин баасынын кескин өсүшүнө алып келди. Мунун натыйжасында башка товарлардын баасы да жогорулады.
Аналитиктердин баалоосуна ылайык, АКШнын каржы жөнгө салуучусу декабрда пайыздык ченди дагы жогорулатышы мүмкүн.
Баб-эль-Мандеб кысыгындагы кырдаалдын курчушунан улам мунай менен газдын баасы кайрадан өскөн шартта АКШнын мамлекеттик 10 жылдык облигацияларынын кирешелүүлүгү 5,02 пайызга жетти. Бул 2007-жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп өлкөдө күйүүчү майдын баасы ноябрда өтө турган Конгресске шайлоого чейин төмөндөбөйт деп эсептей турганын билдирди.
«Шайлоодон кийин дароо мунайдын баасы кескин төмөндөй баштайт», — деген ал Вашингтондун жанындагы Эндрюс аскердик базасында журналисттер менен сүйлөшүп жатып.
«Бензиндин баасын галлонуна 2 доллардан төмөн түшүрө алабыз деп ойлойм», — деп кошумчалады Трамп.
Бул шайлоого чейин болушу мүмкүнбү деген суроого АКШ президенти: «Менимче, бул Конгресстеги аралык шайлоодон бир аз кийин болот», — деп жооп берген.
Булак: ТАСС агенттиги