Сауд Арабиясы менен Сирия Йеменге 10 миңдей сириялык аскерлерди жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат. Алар ал жакта йемендик хуситтерге каршы аскердик операцияларга катышмакчы. Сириянын президенти Ахмед аш-Шара Йеменге аскерлерин жөнөтүүнү олуттуу карап жатат.
Ливандык «Аль-Ахбар» агенттигинин маалыматына караганда, Сириянын жогорку даражалуу аскердик делегациясы акыркы күндөрү Сауд Арабиясынын борборуна барып, өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы — Йемендеги хуситтерге каршы согушка катышуу үчүн болжол менен 10 миң сириялык аскерди жөнөтүү боюнча уюштуруу маселелерин талкуулоо болгон.
Ошол эле учурда сириялык аскердик кеңешчилер тобу Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөргө катарлаш Сауд Арабиясынын түштүгүндөгү Нажран жана Асир аймактарына да сапар жасаган.
Материалда белгиленгендей, Сириянын жаңы жетекчилери бир жагынан Сауд Арабиясынын колдоосуна ээ болууну көздөп, Мухаммед бин Салмандын каржылык жардамына үмүт артып жатышат.
Axios порталы өз булактарына таянып билдиргендей, Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа Йеменге аскер жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу карап жатат, бирок азырынча акыркы чечим кабыл алына элек. Ошол эле учурда, Дамаск менен Эр-Рияд бул маселе боюнча Вашингтон менен кеңешишкен жана АКШ мындай кадамга каршы эмес экенин билдирген. АКШ администрациясы аш-Шараа чындап эле Йеменге аскер жөнөтөрүнө ишенет. Америкалык расмий өкүлдөрдүн пикиринде, сириялык күчтөрдүн Йеменге жайгаштырылышы Сауд Аравиясы менен Сириянын ортосундагы мамилени бекемдейт.
2014-жылдын августунан бери Йеменде хуситтер менен Эр-Рияд жетектеген араб коалициясы колдогон өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда куралдуу жаңжал уланууда. Август айынын башында хуситтер («Ансар Аллах» кыймылы) өлкөнүн түштүк-батышында чабуул баштап, Моха портун жана Баб-эль-Мандеб кысыгына чыгуучу жолду өз көзөмөлүнө алган. 4-октябрда Йемен армиясы хуситтерге каршы кеңири масштабдуу аскердик операция башталганын жарыялаган.