Үй КАБАРЛАРЖМК: Трамп Сауд Аравиянын хуситтерге сокку уруу өтүнүчүн четке какты

ЖМК: Трамп Сауд Аравиянын хуситтерге сокку уруу өтүнүчүн четке какты

by Kanykey

Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман 10-сентябрда АКШ президенти Дональд Трампка эки жолу телефон чалып, Йемендеги хуситтерге сокку урууга чакырган. Бирок америкалык лидер бул өтүнүчтү четке каккан.

Бул тууралуу Axios порталы маалыматка ээ булактарына таянуу менен билдирди.

Америкалык аткаминерлердин айтымында, күн мурун хуситтер жээктеги Моха шаарына карай чабуулун күчөтүп, ал эми Сауд Аравиясы колдогон Йемен күчтөрү артка чегинип жаткан учурда мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман Трампка телефон чалып, кырдаалдын курчуп кеткенин билдирген.

Бир нече сааттан кийин ал Трампка кайрадан телефон чалып, хуситтердин позицияларына сокку урууга буйрук берүүгө чакырган. Бирок Трамп бул өтүнүчтү четке каккан.

Порталдын маектешинин маалыматына караганда, анын ордуна АКШ президентинин администрациясы Сауд Аравиясына хуситтер тууралуу чалгын маалыматтарын жана сокку урууга мүмкүн болгон буталар боюнча маалыматтарды берет.

Ал ошондой эле азырынча АКШ администрациясы Йемендеги жаңжалга түздөн-түз кийлигишүүнү пландабай жатканын белгилеген.

Булактардын айтымында, акыркы жумаларда америкалык аскер жана жарандык аткаминерлер саудиялык кесиптештерине Трамп америкалык аскерлерге Иранга жана Ормуз кысыгына көңүл бурууну, ошондой эле дагы бир фронт ачпоону тапшырганын билдиришкен.