Үй КАБАРЛАРЗольфагари: Ирандын тоңдурулган активдерин «уурдоого» катышкан өлкөлөрдүн кемелери Ормуз кысыгынан өткөрүлбөйт

Зольфагари: Ирандын тоңдурулган активдерин «уурдоого» катышкан өлкөлөрдүн кемелери Ормуз кысыгынан өткөрүлбөйт

by Kanykey

Иран бийлиги АКШ президенти Дональд Трамптын Тегерандын макулдугусуз өлкөнүн тоңдурулган активдерин пайдалануу сунушун колдогон мамлекеттердин кемелерине Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө тыюу салат.

Бул тууралуу Ислам Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн «Хатам аль-Анбия» борбордук штабынын өкүлү Эбрахим Зольфагари билдирди.

27-июлда АКШ президенти Дональд Трамп Батыш өлкөлөрү тарабынан тоңдурулган Ирандын активдерин Тегерандын уруксатысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү тууралуу кайрадан билдирүү жасаган. Анын айтымында, Ирандын каражаттары Ислам Республикасы Ормуз кысыгындагы кеме каттамдарына келтирди деп болжолдонгон зыяндын ордун толтурууга жумшалышы керек.

«Биз Ирандын акчасын алар келтирген зыяндын ордун толтурууга колдонобуз. Башкача айтканда, биз көзөмөлдөп турган Ирандын каражаттары зыяндын ордун жабууга жумшалат», — деген Трамп Вашингтондон Мичиган штатына бара жаткан учактын бортунда журналисттер менен сүйлөшүп жатып.

Эбрахим Зольфагари АКШ президентин мындай мыйзамсыз кадамдын кесепеттери тууралуу эскертип, Трамптын сунушун колдой турган өлкөлөргө жана компанияларга да кайрылды.

«АКШнын кылмыштуу президентине бул мыйзамсыз аракеттин кесепеттери тууралуу эскертип, ошондой эле Трамптын сунушун колдогон жана ушул максатта Ирандын бөгөттөлгөн активдерин пайдаланган бардык компанияларга жана мамлекеттерге билдиребиз: ошол учурдан тартып Ислам Республикасынын Куралдуу күчтөрү алардын бир да кемесинин Ормуз кысыгы аркылуу өтүшүнө уруксат бербейт», — деди Зольфагари видео кайрылуусунда.