Үй КАБАРЛАРИзраилдеги парламенттик шайлоо: добуштарды саноо уланууда 

Израилдеги парламенттик шайлоо: добуштарды саноо уланууда 

by Kanykey

Израилдеги Кнессетке (Парламент) болгон шайлоодо Нетаньяхунун блогу алдыда, бирок көпчүлүк добуш топтой алган жок. Оппозиция да араб партияларынын колдоосусуз көпчүлүккө ээ боло албайт.

Биньямин Нетаньяхунун «Ликуд» партиясы башында турган башкаруучу блок Израилдеги парламенттик шайлоодо алдыда келе жатат. Бирок өкмөт түзүү үчүн зарыл болгон 61 мандатты топтой алган жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бюллетендердин 57%ы саналгандан кийин Нетаньяхунун блогу Кнессеттен 55 орунга, оппозиция 49 орунга, араб партиялары 16 орунга ээ болууда. Акыркы жыйынтыктар жума күнү гана жарыяланышы мүмкүн деп жазат Times of Israel басылмасы.

Башкаруучу блоктун курамына Нетаньяхунун «Ликуд» партиясы, «Шас» жана «Бирдиктүү Тора иудаизми» диний партиялары, ошондой эле Итамар Бен-Гвирдин ашкере оңчул «Оцма Йехудит» партиясы жана Бецалель Смотричтин «Диний сионизм» партиясы кирет. 2022-жылы бул блок Кнессеттен 64 орун алган.

Шайлоодогу күчтөрдүн бөлүштүрүлүшүн «Бириккен тизме» жана «Раам» араб партиялары татаалдаштырууда. Экзит-поллдордун жыйынтыгы боюнча, алар азыркы 10 мандатка салыштырмалуу рекорддук көрсөткүчкө — 18 же 19 орунга ээ болушу мүмкүн.

Шайлоого катышуу көрсөткүчү болжол менен 77,7%ды түздү. Бул 1999-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Араб партиялары Нетаньяхунун премьер-министрлик кызматтагы жаңы мөөнөтүнө каршы чыгышууда. Бирок оппозиция өкмөт түзүүдө аларга таянбай турганын убада кылган.

Экзит-поллдордун жыйынтыгы жарыялангандан кийин Нетаньяху кологон шайлоочулардын арасында оңчул блок «ишенимдүү көпчүлүккө» ээ болгонун билдирип, оңчул өкмөт түзүүгө убада берди.

Израилдин Башкы штабынын мурдагы жетекчиси жана оппозициянын лидери Гади Айзенкот болсо Нетаньяхуну кызматтан кетүүгө чакырды.

Эгер саясий күчтөрдүн бири да коалиция түзө албаса, өлкөдө кайрадан шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн. Ал эми Нетаньяху өкмөт башчынын милдетин аткаруучу катары ишин улантат.

Нетаньяху жалпысынан 20 жылга жакын убакыттан бери бийликте турат.

09:44
Израилде Кнессетке болгон шайлоодо добуштарды саноо уланууда. Саат 07:20га карата  бюллетендердин 48,6%ы иштетилген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, «Ликуд» партиясы 27 мандат, «Яшар» — 22, «Араб тизмеси» жана «Беяхад» партиялары 11ден мандат, ал эми «Демократтар» партиясы 9 мандат алууда.

«Яадут ха-Тора» жана НДИ партиялары 8ден орунга, «Шас» жана «Оцма Йехудит» партиялары 7ден орунга, «Диний сионизм — Зеут» блогу 6 орунга ээ болууда. РААМ партиясы 4 мандат алууда.

Орундардын алдын ала бөлүштүрүлүшүнө ылайык, азыркы башкаруучу коалиция 55 мандатка, оппозиция 50 мандатка ээ болууда. Жарыяланган маалыматтарда өзүнчө блок катары көрсөтүлгөн араб партиялары 15 мандат алууда.

«Милуимниктер жана Мифлегет Калькала» партиялары (2,66%) жана «Амха Исраэль» партиясы (1,67%) азырынча шайлоо босогосунан өтө элек.

120 орундуу Кнессетте парламенттик көпчүлүктү түзүү үчүн кеминде 61 мандат талап кылынат.

Добуштарды саноо уланууда.