Үй АНАЛИТИКАИлон Маск адамзаттын жок болуп кетүү коркунучу тууралуу эскертти

Илон Маск адамзаттын жок болуп кетүү коркунучу тууралуу эскертти

by Kanykey

Америкалык ишкер Илон Маск төрөлүү көрсөткүчүнүн төмөндөшүнөн улам адамзат жок болуп кетүү коркунучуна туш болушу мүмкүн экенин билдирди. Ал буга чейин жасалма интеллекттин көзөмөлсүз өнүгүшү да адамзат үчүн коркунуч жаратарын эскерткен.

Илон Маск Сингапурда төрөлүү көрсөткүчү рекорддук деңгээлде төмөндөп, жалпы төрөлүү коэффициенти 0,87ге түшкөнүнө байланыштуу адамзаттын жок болуп кетүү коркунучу тууралуу эскертти.

«Адамзат жок болуп баратат», — деп жазган Маск X социалдык тармагындагы баракчасында.

Ал X тармагынын Freeze аттуу колдонуучусунун Сингапурдагы төрөлүүнүн азайышы тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Посттун автору өлкөдөгү жалпы төрөлүү коэффициенти 2025-жылы рекорддук деңгээлге түшүп, 0,87ни түзгөнүн билдирген.

Жарыяда Сингапур бийлигинин төрөлүүнү көбөйтүүгө багытталган чаралары тууралуу да айтылган. Өлкөнүн бийлиги үй-бүлөлөргө каржылык колдоо көрсөтүп, балдарды кароо боюнча өргүүлөрдү кеңейтип, турак жай алуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүп, балдарды кароо кызматтарын субсидиялоодо.

Ушул айдын башында Сингапурдун премьер-министри Лоуренс Вонг төрөлүү көрсөткүчүнүн рекорддук төмөндөшүнүн шартында жаңы төлөмдөрдү киргизүү, балдарды кароо боюнча өргүүлөрдү көбөйтүү жана турак жай боюнча кошумча жеңилдиктерди берүү тууралуу жарыялаган.

Үй-бүлөлөрдү колдоо чараларынын алкагында Сингапурдун ар бир жараны болгон бала 17 жашка чыкканга чейин жалпы эсеп менен дээрлик 70 миң сингапур долларына (болжол менен 55 миң АКШ долларына) чейин жардам ала алат. Бул колдоого акчалай төлөмдөр, билим берүү гранттары жана башка чаралар кирет.

Иштеген ата-энелер үчүн балдарды кароо боюнча өргүүнүн күндөрү көбөйтүлөт: 12 жашка чейинки бир баласы барлар үчүн 8 күнгө, эки баласы барлар үчүн 10 күнгө, үч же андан көп баласы барлар үчүн 12 күнгө чейин.

Балдарды күндүз кароо кызматтарынын субсидияланган баасы айына 150 сингапур долларына чейин төмөндөтүлөт. Балалуу үй-бүлөлөр мамлекеттик турак жайларды бөлүштүрүүдө да кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

Жаңы чаралар демографиялык кырдаалдын начарлашынын фонунда кабыл алынды. 2025-жылы Сингапурдагы жалпы төрөлүү коэффициенти рекорддук 0,87ге чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда 2026-жылы өлкө калкынын болжол менен бештен бири 65 жаштан жогору болушу мүмкүн.

Апрель айында Евростат 2100-жылга карата Европанын калкы 11,7%га, башкача айтканда 53 млн адамга кыскарышы мүмкүн экенин болжолдогон.

Маск ушул жылдын апрель айында OpenAI компаниясына жана анын жетекчиси Сэм Альтманга каршы доосу боюнча соттук отурумда жасалма интеллекттин көзөмөлсүз өнүгүшү адамзаттын жок болушуна алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

Tesla жана SpaceX компанияларынын башчысы жасалма интеллект бир жагынан адамзатка чоң коркунуч жаратышы мүмкүн болсо, экинчи жагынан анын эң улуу куралына айланышы мүмкүн экенин айткан.

«Ал баарыбызды өлтүрүп коюшу мүмкүн. Биз баары “Терминатордогудай” бүтүшүн каалабайбыз. Биз баары Жин Родденберринин “Жылдыздар жолундагыдай” бүтүшүн каалайбыз», — деген миллиардер.