Ирактын «Харакат ан-Нужаба» кыймылынын башкы катчысы шейх Акрам аль-Кааби АКШга катуу эскертүү жасады.
Аль-Кааби 30-сентябрдан кийин Иракта бир дагы америкалык аскер калса, алардын мекенине аман-эсен кайтып кетишине жол берилбей турганын жана Ирактан алардын сөөгү гана чыгарыларын эскертти.
Буга чейин Ирактын премьер-министри Али аз-Зейди АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) командачысы адмирал Брэд Купер менен болгон жолугушуусунда Кошмо Штаттары Ирактан бардык аскер күчтөрүн 30-сентябрга чейин чыгарып кете турганын билдирген.
Ирак өкмөтү 30-сентябрдан кийин АКШ баштаган эл аралык коалициянын айрым бөлүктөрүн өлкө аймагында калтыруу боюнча сунушту кабыл алган эмес.
Ирактын премьер-министри июль айынын башында эл аралык коалициянын аскердик контингенти Ирак аймагындагы милдеттерин 2026-жылдын 30-сентябрында толук аяктай турганын жарыялаган. Ал Ирак күчтөрү эми өлкөнү өз алдынча коргой аларын белгилеген.
АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) командачысы адмирал Брэд Купер аскерлерди чыгарып кетүү белгиленген мөөнөткө чейин аяктарын ырастаган. Бирок аскерлер кайсы жерге көчүрүлөрүн тактаган эмес.
АКШ Иракка аскерлерин 2003-жылы киргизген. Associated Press (AP) агенттигинин маалыматына караганда, 2007-жылы америкалык аскерлердин саны эң жогорку чекке жетип, Иракта болжол менен 170 миң аскер кызматкери болгон.
Кийин Барак Обаманын администрациясы америкалык аскерлердин санын кыскартуу боюнча чечим кабыл алган. Натыйжада 2011-жылдын декабрына карата Иракта америкалык аскер кызматкерлеринин аз гана бөлүгү калган.
Бирок 2014-жылы «Ислам мамлекети» террордук тобунун күч алышына байланыштуу АКШ аскерлерин кайра жөнөтүү чечимин кабыл алган. АКШнын Ирактагы согуштук миссиясы расмий түрдө 2021-жылы аяктаган.
2024-жылы АКШ менен Ирак өлкөдөгү эл аралык коалициянын миссиясын толук аяктоо боюнча макулдашууга жетишкен.
АКШ аскерлери өткөн жылы Ирактын көпчүлүк аймактарындагы аскердик базалардан чыгып кеткен. Бирок Ирак Күрдистан аймагында аскердик катышуусун сактап калган.