15
Ирандын шейит болгон экинчи Жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин сөөгү коюлганына 40 күн толгонуна байланыштуу маркумду эскерүү аземи өттү.
Иш-чара Имам Хомейни атындагы мечитте уюштурулду. Ага коомдун ар кыл катмарларынан келген миңдеген жарандар, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, расмий өкүлдөр жана аскер жетекчилери катышты.
Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга каршы баштаган аскердик аракеттеринде шейит болгон. Анын сөөгү 9-июлда өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарында жерге берилген.