Үй КАБАРЛАРИранда Ормуз кысыгынан АКШ жана Израилдин кемелеринин өтүшүнө тыюу салуу жактырылды

Иранда Ормуз кысыгынан АКШ жана Израилдин кемелеринин өтүшүнө тыюу салуу жактырылды

by Kanykey

Иранда Ормуз кысыгы аркылуу АКШ жана Израилге таандык кемелердин өтүшүнө тыюу салууну камтыган жаңы мыйзам долбоору жактырылды.

Бул тууралуу IRIB агенттиги билдирди.

«Ормуз кысыгынын коопсуздугун камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүсү боюнча стратегиялык чаралар жөнүндө» мыйзам долбоорун Иран парламентинин Улуттук коопсуздук боюнча комиссиясы жактырды.

Документте АКШ, Израиль жана Иранга душман деп саналган башка мамлекеттердин кемелеринин Ормуз кысыгы аркылуу өтүшүнө тыюу салуу каралган. Мындан тышкары, Тель-Авив менен кандайдыр бир байланышы бар жүктөрдүн кысык аркылуу ташылышына да уруксат берилбейт.

Эрежелерди бузгандарга ташылып жаткан жүктүн наркынын 20 пайызына чейин айып пул салуу каралган.

Мыйзам долбооруна ылайык, Ормуз кысыгындагы кеме каттамдарын жөнгө салуу, кемелердин кыймылын көзөмөлдөө, ошондой эле кысыкта жана Перс булуңунда коопсуздукту камсыз кылуу милдети Иран өкмөтүнө жүктөлөт. Өкмөт бул иштерди өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен биргеликте жүргүзөт.

Июнь айынын ортосунда Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишимин түзүү процессин баштоого багытталган меморандумга кол коюшкан. Бирок үч жума өткөндөн кийин кырдаал кайрадан курчуп, АКШ Иранды Ормуз кысыгында соода кемелерине чабуул жасоого айыптап, Иранга чабуул жасоолорду жанданткан. Иран жооп иретинде АКШнын аймактагы аскердик базаларына сокку урган.

Өткөн жекшембиде АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы кезектеги сокку урууларды пландалып жаткан келишимге байланыштуу токтотконун жарыялаган.