Ирандын Азербайжандагы мурдагы элчиси, саясий иштер боюнча эксперт Мохсен Пак-Айн өлкө президенти Масуд Пезешкиандын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүн толугу менен күчтүү позициядан айтылган, ошол эле учурда логикага жана жүйөгө негизделген сөз катары баалады. Анын белгилешинче, күчтүү аскердик коргонуу менен кадыр-барктуу дипломатияны айкалыштыруу Иран Ислам Республикасынын кызыкчылыктарын дайыма камсыздап келген.
IRNA агенттиги маалымдагандай, Пезешкиандын БУУдагы «Өзүбүздү коргоо үчүн согуштан коркпойбуз, ошол эле учурда тынчтык үчүн сүйлөшүүдөн качпайбыз» деген сөздөрү акыркы жарым кылым ичинде Ирандын президенти тарабынан жасалган эң маанилүү сөздөрдүн бири болду.
Пезешкиан 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасында сөз сүйлөп, көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилери жана дүйнөлүк коомчулук аскердик баскынчылыктан 40 күн коргонгондон кийин БУУнун трибунасына чыккан өлкөнүн өкүлүнүн позициясын угууга кызыкдар болду.
Ирандын президенти сөзүн Минaб жана Ламард шаарларында өлтүрүлгөн балдардын трагедиясын көрсөтүү менен баштап, Тегеран өзүн коргоо үчүн согушууга да, тынчтыкка жетүү үчүн дипломатиялык жолду колдонууга да даяр экенин баса белгилөө менен жыйынтыктады.
Президенттин сөзү жана анда көтөрүлгөн негизги маселелер дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылды. Өлкө ичинде да анын сөзү саясий күчтөрдүн жана ар кандай саясий агымдардын өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты. Ирандан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында дүйнөгө жөнөтүлгөн билдирүү көптөгөн адамдардын баамында өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына, кадыр-баркына жана мамлекеттин максаттарына шайкеш келген.

IRNA агенттиги Пезешкиандын БУУдагы сөзүн талдоо максатында Ирандын Азербайжандагы мурдагы элчиси, саясий иштер боюнча эксперт Мохсен Пак-Айн менен маектешти.
Президенттин сөзү Батыштын жалган баяндарынын ордун басты
— Ирандын президенти Масуд Пезешкиан БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөп, анын кайрылуусу коомчулуктун көңүлүн бурду жана колдоого ээ болду. Сиздин көз карашыңыз боюнча, бул сөздүн негизги артыкчылыктары эмнеде болду? Ал согуштан кийин Иранда болгон окуялар тууралуу так маалыматты дүйнөгө жеткире алдыбы?
— Масуд Пезешкиандын сөзүнүн дээрлик бардык бөлүгү анын күчтүү тарабы болду. Андан кемчилик табуу кыйын. Анткени президент толугу менен күчтүү позициядан туруп, ошол эле учурда логикага жана жүйөгө таянуу менен акылга сыярлык нерселерди дүйнө коомчулугуна ушул маанилүү эл аралык трибунадан жеткирди. Ал ар түрдүү багыттар боюнча Иран Ислам Республикасынын позициясын дүйнөлүк коомчулукка так түшүндүрүп берди.
Анын сөзүнүн негизги өзөгү АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу жана агрессиясы болду. Президент өзгөчө кадам жасап, шейит болгон лидердин, ошондой эле Минаб жана Ламард шаарларында курман болгондордун сүрөттөрүн дүйнөгө көрсөттү. Бул кадам кеңири резонанс жаратты.
Муну менен ал дүйнөгө бүгүнкү күндө эл аралык коомчулук мамлекеттик терроризм көрүнүшүнө туш болуп жатканын, ал эми АКШ, тилекке каршы, логиканын ордуна күчтү коюп, эл аралык мыйзамдар менен эрежелерди тоготпой, адамдык принциптерди тебелеп жатканын көрсөттү.
Адам укуктарын жана демократияны коргоо тууралуу ураандарга карабастан, Иран элине карата ырайымсыздык жана зомбулук жасалды. Мунун бир бөлүгү президент көрсөткөн сүрөттөрдөн даана көрүнүп турду.
Президенттин сөзүндөгү дагы бир маанилүү жагдай — Иран ар кайсы өлкөлөр менен пикир келишпестиктерин чечүүдө сөзсүз дипломатиялык жолду колдоно турганын, бирок эч качан күчкө баш ийбей турганын белгилегени болду.
Иран көз карандысыздыкты, логиканы жана тынчтыкты жактайт. Ошол эле учурда өз кызыкчылыктарын күчтүү позициядан коргоого даяр.
Бул билдирүүлөр Батыш ЖМКларынын Иранга каршы түзгөн жаңылыш баяндарын толугу менен ачыкка чыгарды. Бүгүн Ирандын баяны АКШ жана израилдик ЖМКлар тарабынан түзүлгөн жалган баяндардын ордун басты.
Президенттин сөзүндөгү дагы бир маанилүү багыт — Ирандын өзөктүк куралга умтулбай турганын баса белгилегени жана Израилге карата колдонулган кош стандарттарга көңүл бурганы болду.
Бул режим өзөктүк куралга ээ болгонуна карабастан, дүйнөнүн бардык борборлоруна кол салууга мүмкүнчүлүк алып, ошол эле учурда эл аралык коомчулук тарабынан эч кандай айыптоого кабылбай келет. АКШ болсо бул режимге толук эркиндик берген.
Ошондой эле Палестина жана Газа маселесин көтөргөнү да азыркы учурда өзгөчө маанилүү болду. Анткени Иран өзүнүн эзилген элинин таламдарын коргоо менен катар, Палестинанын эзилген элине көрсөткөн колдоосун да баса белгиледи.
Дагы бир маанилүү маселе — президенттин элдин катышуусуна жана биримдигине басым жасаганы болду. Ал АКШ Иран элине болгон басымын канчалык күчөтсө, эл ошончолук биригип, күчтүү позицияда коомдук турмушка катышарын айтты. Согуш башталгандан бери Иран эли өлкөдөгү окуялардан четтеген жок.
Менин оюмча, ушул жагдайлардын баары президенттин сөзүнүн оң жактарын түздү. Аны Иран президенттеринин БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн абдан ийгиликтүү сөздөрүнүн бири деп айтууга болот.
Дипломатия жана мыйзамдуу коргонуу өлкөгө кадыр-барк алып келет
— Пезешкиан сөзүндө Иран өзүн коргоого да, дипломатиялык сүйлөшүүлөргө да даяр экенин айтты. Айрымдар бул сөздүн экинчи бөлүгүн сынга алып жатышат. Сиздин оюңузча, ушул даярдыктардын бирин гана көрсөтүү улуттук кызыкчылыктарды камсыздай алабы?
— Күчтүү аскердик коргонуу менен кадыр-барктуу дипломатияны айкалыштыруу Иран Ислам Республикасынын кызыкчылыктарын дайыма камсыздап келген.
Биз муну Иран-Ирак согушу жана Баас режиминин Иранга каршы агрессиялык чабуулдары учурунда да көргөнбүз. Ошол учурда фронттогу аскердик күчүбүз жана жоокерлердин эрдиги менен катар, акырында БУУнун 598-резолюциясына байланыштуу өз позициябызды кабыл алдыра алдык. Чындыгында, Саддам Хуссейн Иранга каршы уюштурган кырдаалдан биз өз кадыр-баркыбызды сактоо менен өтүп кеттик.
Дипломатия менен мыйзамдуу коргонуу дайыма бири-бири менен катар жүрүп келген жана алар өлкөгө кадыр-барк менен сыймык алып келе алат. Бирок бул жерде маанилүү нерсе бар. Эгер каршы тарап бир жагынан өзүн дипломатияны жактаган тарап катары көрсөтүп, экинчи жагынан дипломатиянын атын жамынып үстөмдүк кылууга аракет кылса жана Иранга күч көрсөтүүгө умтулса, биз муну эч качан кабыл албайбыз.
Аймактагы өлкөлөр өз кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн бирге болууга тийиш
— Президенттин сөзүндө аймактык коопсуздук маселесине да көңүл бурулду. БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасынан жамааттык коопсуздук маселесине кайрадан басым жасалышы аймактагы өлкөлөргө кандай билдирүү берет?
— Пезешкиан революциянын билдирүүсүн жеткирди. Ислам революциясы жеңишке жеткен алгачкы жылдардан тартып эле биз аймактагы өлкөлөрдү жалпы коопсуздукту түзүүгө чакырып келгенбиз. Биз бирге жана бири-бирибиздин жанында туруп аймактын коопсуздугун сактай алабыз жана чет өлкөлөрдүн, өзгөчө АКШнын кийлигишүүсүнө муктаж эмеспиз деп эсептейбиз.
Бактыга жараша, Пезешкиан мырза бул маселени көтөргөн учурда Перс булуңундагы өлкөлөрдүн арасында да ушундай түшүнүк калыптанды. Анткени АКШнын Иранга жасаган агрессиялык чабуулунан кийин америкалык аскердик базалар Перс булуңундагы өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга эмес, Израилдин кызыкчылыктарын камсыз кылууга кызмат кылаары баарына ачык-айкын болду.
Бүгүн бул багытта аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда жалпы түшүнүк бар экенин көрүп жатабыз. Ал — коопсуздукту бири-бири менен жана өз ара кызматташтыкта камсыз кылуу каалоосу. Бара-бара бул түшүнүк бекемделип жатат жана Пезешкиан мырзанын басымы да толугу менен туура болду. Аймактагы өлкөлөр өз кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн бири-бири менен катар болуудан башка аргасы жок.
Ал белгилегендей, эгер бир өлкөдө коопсуздук болбосо, башка өлкөлөрдө да коопсуздук болбойт. Ошондуктан, менин оюмча, бул — белгилүү бир дискурс, башкача айтканда, ислам революциясынын дискурсу. Биз дипломатия тармагында жана аймактагы өлкөлөрдүн жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдө бул маселеге дайыма кайрылып турушубуз керек. Бул идеяны ишке ашыруу үчүн да шарттар бар.
БУУга катышуунун зарылдыгы азыркы учур менен гана чектелбейт
— Иран делегациясы бул жыйынга келгенге чейин анын катышуусуна байланыштуу жактаган жана каршы болгон ар кандай пикирлер айтылды. Президенттин сөзүнөн кийин бул сапарга жана анын Иран үчүн пайдалуу болгон-болбогонуна кандай баа бересиз?
— Иран сыяктуу эркин өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу ар кандай пикирлердин айтылышы табигый көрүнүш жана буга тоскоолдук жок. Бирок чындыгында БУУга катышуу азыркы учур менен гана чектелген маселе эмес. Революциянын алгачкы күндөрүнөн тартып, шейит Мохаммад Али Раджаинин мезгилинен бери биз БУУга катышып келебиз.
Биздин бир президентибиз сегиз жылдык президенттик мөөнөтүнүн ичинде БУУга тогуз жолу барган. Андан кийинки бардык президенттер да бул жыйынга катышып келишти. Шейит Ибрахим Раиси да эки жылдык президенттик мөөнөтүндө БУУга эки жолу барган. Биз бул трибунаны сөзсүз колдонушубуз керек.
Эсимде, бир жолу биздин маркум Жогорку лидерибиз Али Хаменеи Башкы Ассамблеядан кайтып келгенден кийин, ал жерде жасаган тарыхый сөзүнөн соң Тегеранда сүйлөп жатып: «Мен дүйнөдөгү эң бийик минбардан сүйлөдүм», — деген эле. Анын «минбар» деген түшүнүктү колдонгону абдан маанилүү. Минбар — адамдарды туура жолго багыттоо үчүн аалымдар чыгып сүйлөгөн жай. Бул чоң минбар бардык президенттерге дүйнө элдери менен сүйлөшүүгө, чындыкты дүйнөгө жеткирүүгө жана өздөрүнүн туура позицияларын түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Менин оюмча, жасалган кадам абдан оң кадам болду.