Үй АНАЛИТИКАИрандык эксперт: Трамп өзү кол койгон келишимин өзү жокко чыгарып, АКШга болгон ишенимди алсыратты

Ирандык эксперт: Трамп өзү кол койгон келишимин өзү жокко чыгарып, АКШга болгон ишенимди алсыратты

by Kanykey

Ирандык эксперт Мохсен Пакаин АКШ президенти Дональд Трамптын келишимдерге болгон мамилесин кескин сынга алып, мындай саясат АКШнын эл аралык аброюна доо кетирип, ага болгон ишенимди азайтканын билдирди. Анын пикиринде, Трамп өзүнүн эле кол койгон макулдашуусун четке кагышы эл аралык саясатта болуп көрбөгөн көрүнүш болуп саналат.

Анын айтымында, Трамп – өзүнүн эле кол койгон документин жараксыз деп жарыялаган жалгыз президент болуп калды. Ал Иран президенти Масуд Пезешкиан менен согушту токтотуу жана башка маселелер боюнча жетишилген өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койгондон көп өтпөй эле, өзүн мындан ары ага берилген деп эсептебей турганын ачык билдирди. Батыштагы талдоочулардын бири бул жагдайга токтолуп: «Трамп кол койгон калемдин сыясы кургай электе эле өзүнүн кол тамгасын өзү бузду», – деп айтты.

Албетте, Трамп үчүн мындай кадам биринчи жолу болуп жаткан жок. Ал буга чейин да Ак үйгө келген соң, мурдагы президент Барак Обама кол койгон Өзөктүк келишимди (JCPOA) жараксыз деп эсептеп, АКШны андан чыгарып кеткен. Бул кадам дагы эл аралык мамилелердеги кадимки тажрыйбага туура келбесе да, аны мурдагы администрация түзгөн келишим деп түшүндүрүп, АКШнын кызыкчылыгына жооп бербейт деген жүйөнү келтирген.

Бирок мамлекет башчысынын өзүнүн кол койгон келишимин кыска убакыттын ичинде өзү жокко чыгарышы – эл аралык практикада болуп көрбөгөн жана логикалык негизге ээ эмес көрүнүш. Дал ушундан улам бул аракет Батыштагы саясат таануучулар жана эксперттер тарабынан кеңири сынга алынган.

Бул көрүнүш эң оболу АКШдагы чечим кабыл алуу системасынын туруксуздугун көрсөтөт. Башкача айтканда, өлкөнүн тышкы саясаты ырааттуу мамлекеттик башкаруунун негизинде эмес, бир адамдын ошол учурдагы чечимдерине жараша жүргүзүлүп жаткандай таасир калтырууда. Мындай шартта АКШ өкмөтүнө да, анын президентине да ишеним артуу кыйын.

Бул ишенимсиздик Иран Ислам Республикасы менен гана чектелбейт. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү АКШ менен кандай гана келишим түзбөсүн, анын аткарыларына күмөн санап калышты.

Бул жагдайды Иран жетекчилиги келечекте дагы эске алышы керек. Иран Ислам Республикасы ар дайым өзүнүн кол койгон келишимдерине жана алган милдеттенмелерине берилгенин көрсөтүп келет. Бирок ошол эле учурда тажрыйба АКШ өз милдеттенмелерин көп учурда аткарбай турганын, эми болсо өлкө президенти өзүнүн жеке кол койгон документин да өзү жокко чыгарып жатканын көрсөттү.

Мындай аракет АКШнын саясий жана укуктук аброюна олуттуу зыян келтирип эле тим болбостон, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринин ага болгон ишенимин дагы солгундатып койду.

Аймактагы мамлекеттер, өзгөчө Катар жана Пакистан сыяктуу ортомчулар, ошондой эле Кытай, Орусия жана Европанын айрым өлкөлөрү бул меморандумду чыңалууну азайтуу, Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз жүрүшүн калыбына келтирүү жана энергия ташууларын жеңилдетүү багытындагы оң кадам катары баалашкан.

Бирок АКШ өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбастан, тескерисинче меморандумду бузуп, аскердик операцияларды улантып, Иранга карата басымды күчөтүп жана деңиз аркылуу өткөн кемелерге коркутууларды көбөйтүү менен аймактагы кырдаалды мурдагыдан да татаалдаштырды. Мунун натыйжасында мунай менен газ ташылган жолдордогу коопсуздук начарлап, дүйнөлүк экономика үчүн жаңы тобокелчиликтер жаралды.

Ошондуктан көптөгөн мамлекеттер эл аралык система бир тараптуу саясатка эмес, көп тараптуу кызматташууга негизделген жаңы тартипке муктаж деген жыйынтыкка мурдагыдан да көбүрөөк келишти.

Пакаин согуш талаасындагы кырдаалга токтолуп, бул жаңжалдын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн чечкиндүү жообу болгонун белгиледи.

“Армия менен Ислам революциясынын сакчылар корпусу Иранга каршы чабуулдардын булагы болгон борборлорду жана аскердик базаларды бутага алып, АКШнын кызыкчылыктарына олуттуу сокку урду. Ошол эле учурда аймактагы айрым базаларда америкалык аскерлердин адам жоготуулары Вашингтон үчүн олуттуу көйгөйгө айланды”, деди ал.

Ал белгилегендей, АКШ бийлиги каза болгондор менен жарадар болгондордун санын чыныгы көрсөткүчтөн төмөн көрсөтүүгө аракет кылып жатканы айтылганы менен, колдо бар маалыматтарга ылайык, айрыкча Сириядагы Ат-Танф базасында, Иорданиядагы айрым аскердик объектилерде жана АКШнын ракета системалары жайгашкан борборлордо жоготуулар расмий жарыяланган көрсөткүчтөрдөн кыйла жогору.

Эксперттин айтымында, бул тенденциянын уланышы АКШ үчүн чоң адамдык жана саясий чыгымдарды алып келет. Ошондуктан Вашингтон чыңалууну азайтуу үчүн ортомчу мамлекеттердин мүмкүнчүлүгүн кайрадан пайдаланууга аракет кылууда.

Бирок бүгүнкү күндө бул согуштун качан жана кандай шартта аяктары тууралуу чечим толугу менен АКШнын колунда эмес. Иран Ислам Республикасы согуш талаасындагы абалга жана өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына жараша бул маселеде акыркы чечимди өзү кабыл алат.

Эгер Иранга каршы агрессия улана турган болсо, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн жооп аракеттери дагы уланат жана АКШ үчүн аскердик жана адамдык чыгымдардын көбөйүшү акыр аягында Трамптын администрациясын Иранга карата жүргүзгөн агрессивдүү саясатка өкүнүүсүнө алып келет.