Үй АНАЛИТИКАИрандын күчтөрү АКШнын Кувейттеги базасындагы радарлар менен Patriot комплексин жок кылганын билдирди

Ирандын күчтөрү АКШнын Кувейттеги базасындагы радарлар менен Patriot комплексин жок кылганын билдирди

by Kanykey

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Кувейттеги АКШнын «Ахмад аль-Жабер» авиабазасына сокку уруп, эрте эскертүү жана ракетага каршы коргонуу системаларынын радарларын, AN/FPS-117 радиолокациялык станциясын, ошондой эле Patriot зениттик-ракеталык комплексин жок кылганын билдирди.

«Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аба-космостук күчтөрү Кувейттеги “Ахмад аль-Жабер” авиабазасына сокку уруп, америкалык эрте эскертүүчү радарды, ракетага каршы коргонуу системасынын радарын, AN/FPS-117 радиолокациялык станциясын, Patriot зениттик-ракеталык комплексин жана абадан коргонуу системасынын ишин камсыздаган спутниктик байланыш түйүнүн жок кылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Кувейттеги «Али ас-Салем» аскер-аба базасындагы MQ-9 учкучсуз учактары сакталган ангарга да сокку урулганы, анын кесепетинен бир нече дрон толугу менен жок кылынганы же олуттуу зыян тартканы кабарланды.

Бул чабуул АКШ армиясынын Иран аймагына жасаган кезектеги соккуларына жооп катары жасалды. Буга чейин 21-июлга караган түнү ирандык маалымат каражаттары Бендер-Аббас, Сирик, Чабахар, Конарек, ошондой эле Исфахан жана Шираз шаарларында жардыруулар болгонун билдиришкен.

АКШ 8-июлга караган түнү Иранга каршы соккуларын кайра баштап, Тегеранды Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге кол салууга айыптаган. Иран бийлиги бул аракетти мурда жетишилген макулдашууларды бузуу катары баалап, жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына сокку урууну баштаган.

Чыңалуунун жаңы этабы тараптар жаңжалды токтотууну көздөгөн меморандумга кол койгондон үч жума өткөндөн кийин башталды.

Күн мурун The Washington Post басылмасы Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы аскердик күчтөрүн көбөйтүп, кеңири масштабдагы согушка даярданып жатканын жазган. Ал эми The Wall Street Journal аймакка америкалык согуштук учактар менен абада май куюучу учактар жөнөтүлүп жатканын билдирген.

Ошол эле учурда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи өлкө ок атышууну токтотуу боюнча сунуштарды алганын билдирген. Бирок ал бул дипломатиялык демилгелердин чоо-жайын ачыктаган эмес.