Үй Редактордун тандоосуИрандын ТИМи АКШнын тышкы саясатын Достоевскийдин чыгармасынан үзүндү менен сүрөттөдү

Ирандын ТИМи АКШнын тышкы саясатын Достоевскийдин чыгармасынан үзүндү менен сүрөттөдү

by Kanykey

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи АКШнын Тегеранга карата тышкы саясатын орус жазуучусу Фёдор Достоевскийдин «Бир тууган Карамазовдор» романынан алынган үзүндү менен сүрөттөдү.

«Достоевскийдин “Бир тууган Карамазовдор” романындагы бул үзүндү АКШнын мамлекеттик башкаруу системасы менен тышкы саясатынын Иранга жана аймакка карата абалын калпка ашкере көз карандылыктын айынан так сүрөттөйт», — деп жазды Багаи X социалдык тармагында.

Ал Достоевскийдин чыгармасынан төмөнкү үзүндүнү келтирди:

«Эң башкысы — өзүңөргө өзүңөр калп айтпагыла. Өзүнө өзү калп айтып, өзүнүн калпын өзү угуп көнгөн адам бара-бара өзүндө да, айланасында да чындыкты айырмалай албай калат. Натыйжада ал өзүн да, башкаларды да сыйлабай калат».

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы операция аяктагандан кийин Вашингтон Ормуз кысыгын АКШнын аймагы деп жарыялай турганын билдирген.

Трамптын бул билдирүүсүнө Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади жооп берип, Тегеранды коркутуу мүмкүн эмес экенин айтып, Ормуз кысыгын бир гана Иран башкара турганын билдирген.