АКШ Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын жүргүзүү үчүн анын Иран менен Оман тарабынан аныктала турган жаңы юридикалык макамын кабыл алышы керек.
Бул тууралуу Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали билдирди.
«Эгер алар (АКШ — ред.) азыр Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдарын жүргүзүүнү каалашса, анда кысыктын жаңы юридикалык макамын кабыл алышы керек. Аны дал ушул кысыкка ээ болгон эки өлкө — Иран менен Оман аныктайт», — деди элчи «Ведомости» гезитине берген маегинде.
Буга чейин Ирандын парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф АКШ Тегеран койгон шарттарды кабыл алмайынча, Иран Ормуз кысыгын кеме каттамы үчүн ачпай турганын билдирген.
Июнь айынын ортосунда АКШ менен Иран тынчтык келишимин түзүү процессин баштоого багытталган меморандумга кол коюшкан. Бирок үч жумадан кийин чыңалуунун жаңы баскычы башталган. Учурда Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин эркин өтүүсү камсыздалбай жатат.