Үй Редактордун тандоосуИран АКШнын «бардык бомбалардын энесин» жасоо технологиясына ээ экенин билдирди

Иран АКШнын «бардык бомбалардын энесин» жасоо технологиясына ээ экенин билдирди

by Kanykey

Иранда АКШда иштелип чыккан 14 тонналык бомбаларды жасоо технологиясы бар. Бул тууралуу Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысынын кеңешчиси Мохаммад Реза Накди билдиргенин Tabnak басылмасы жазды.

Накдинин айтымында, Иран америкалык 14 тонналык бомбанын технологиясына ээ болгон. Ал АКШ менен болгон 12 күндүк согуш учурунда жарылбай калган бомбанын курамдык бөлүктөрү, эритмелери жана электрондук схемалары талдангандан кийин мындай мүмкүнчүлүккө жетишкенин белгиледи.

«Америкалык «бардык бомбалардын энесинин» салмагы 10 тонна. Бирок 12 күндүк согуш учурунда алар Иранга 14 тонналык бомба ташташкан. Ал жарылбай калган», — деп билдирди ал.

Анын айтымында, учурда америкалык 14 тонналык бомбанын курамы, электрондук схемалары жана аны жасоодо колдонулган технологиялары талданган. Натыйжада, аны өндүрүү технологиясы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун карамагында турат.

«Эгер алар мындай бомбанын соккусуна кабылса, анда бул технологияны биз кайдан алганыбызды билишсин», — деди Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысынын кеңешчиси.

Өткөн жумада маалымат каражаттары, эгер АКШ Иранга сокку урууну кайра баштаса, «бардык бомбалардын энесин» колдонушу мүмкүн экени кабарланган.

Иран АКШга «бардык бомбалардын энесин» колдонуунун кесепеттери тууралуу эскертип, ал учур үчүн зарыл чараларды иштеп чыкканын билдирген.