Үй АНАЛИТИКАИран–АКШ жаңжалы: Катар менен Пакистандын ортомчулугунун көмүскө жагы, Ирактын ролу

Иран–АКШ жаңжалы: Катар менен Пакистандын ортомчулугунун көмүскө жагы, Ирактын ролу

by Kanykey

Иран менен АКШнын ортосунда ок атышуулар дагы эле уланып, Вашингтондун аскердик аракеттери жана Тегерандын жооп кайтаруусу эң жогорку чекке жеткен шартта дипломатиялык аракеттер да кыйла күчөдү.

Ушуга байланыштуу Reuters агенттиги 19-июль күнү кечинде Катар менен Пакистан Тегеран жана Вашингтонго биргелешкен сунуш жолдогонун маалымдады. Анда АКШдан Иранга каршы чабуулдарын токтотуу, ал эми Ирандан өз кезегинде 10 күн бою Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүшүнө кепилдик берүү сунушталган.

Etemad басылмасы билдиргендей, бул сунуштун эки тарапка тең жөнөтүлгөнүн Катардын тышкы иштер министри ырастаган. Ирандын расмий өкүлдөрү, анын ичинде Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи да дипломатиялык сүйлөшүүлөр улантылып жатканын белгилеп, аталган сунуш азырынча каралып жатканын билдиришти.

Al Jazeera бул эки өлкөнүн акыркы дипломатиялык аракеттерине талдоо жасап, Катар менен Пакистан убакыт утуп, сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу үчүн жагымдуу шарт түзүүгө аракет кылып жатканын жазды. Бирок басылманын жана бир катар серепчилердин пикиринде, тараптардын ортосундагы терең ишенимсиздиктен улам бул демилгенин ишке ашуу мүмкүнчүлүгү өтө эле аз.

Бирок дипломатиялык аракеттер муну менен эле чектелбейт. Учурда Ирактын премьер-министри Али аз-Зейдинин ушул аптанын соңунда Тегеранга жасай турган сапарына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул сапардын максаты боюнча ар кандай божомолдор айтылууда. Айрымдар ал Вашингтондун билдирүүсүн Иранга жеткирүү үчүн бара жатат дешсе, башкалары Иран менен Ирактын жакын мамилесин жана Багдад өз аймагы Иран менен АКШнын тирешүү талаасына айланып кетишинен чочулап жатканын белгилеп, сапардын негизги максаты чыңалууну азайтуу деп эсептешет.

Айрыкча, Ирактагы Иранды колдогон «каршылык көрсөтүү огунун» айрым күчтөрү жаңжалдын кеңейишине даярдык көрүп жатышканы тууралуу маалыматтар да айтылууда. Ошол эле учурда бул эки версиянын бирин да тиешелүү тараптар расмий түрдө ырастай элек.

Бул дипломатиялык аракеттер жүрүп жаткан маалда The Washington Post жана CNN өзүнчө материалдарында АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча согуштук учактарды жана абада май куюучу учактарды жөнөтүп жатканын жазышты. Басылмалардын маалыматына ылайык, АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен кеңири масштабдагы согушка даярданып жатат деген маалыматтар таралууда.

Бирок Вашингтондон келип жаткан билдирүүлөр бири-бирине карама-каршы бойдон калууда. Мисалы, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон дагы деле дипломатиялык жол менен чечим табууга даяр экенин дагы бир жолу билдирип, эгерде мындай мүмкүнчүлүк ачылса, АКШ аны колдой турганын айтты. Ошол эле учурда ал Иранды Ормуз кысыгында кемелерге кол салып, деңиз каттамына тоскоолдук жаратып жатат деп айыптап, мындай аракеттер улана турган болсо, тараптардын ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү күчүндө кала албай турганын билдирди.

Ал эми Трамп бир нече сурамжылоонун жыйынтыгына таянып, америкалыктардын басымдуу бөлүгү Вашингтон менен Тегерандын ортосунда келишим түзүлүшүн колдой турганын айтты. Ошол эле учурда ага жакын булактар Трамп Иран менен жаңжалды андан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн дагы деле карап жатканын билдиришүүдө.

Байкоочулардын айтымында, Вашингтондун мындай эки ача саясаты АКШнын саясий түзүмүндөгү ачык жана жашыруун карама-каршылыктарды көрсөтүүдө. Өзгөчө Трамптын MAGA кыймылынын ичинде пикир келишпестиктер күчөп, бул президенттин эң алсыз жери болуп калды деген баалар айтылууда.

Chatham House аналитикалык борборунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын жетекчиси Санам Вакил дагы ушул ички пикир келишпестиктерге токтолуп, учурда эки тараптын тең чечүүчү жеңишке жетише албаганын белгиледи. Анын айтымында, азыр Иран да, АКШ да убакыт утуп калууга аракет кылууда. Бирок АКШдагы ички шайлоо, Израилдин деструктивдүү ролу жана тараптардын ортосундагы өтө жогорку ишенимсиздик кандай гана келишим болбосун өтө морт кылып коюшу мүмкүн.

Ошол эле учурда айрым аналитиктер белгилегендей, Ормуз кысыгы боюнча кризис эми жөн гана Иран менен АКШнын ортосундагы маселе эмес. Ал дүйнөлүк деңгээлдеги көйгөйгө айланды. Алардын пикиринде, АКШнын аскердик аракеттеринен улам дүйнөлүк энергетикалык коопсуздукка, деңиз соодасына жана Перс булуңундагы мамлекеттердин экономикасына олуттуу сокку урулду.

Ушуга байланыштуу Chatham House борборунун Жакынкы Чыгыш боюнча изилдөөчүсү Уильям Мандерс азыркы шартта аскердик жол дагы, дипломатиялык аракеттер дагы Ормуз кысыгы боюнча негизги карама-каршылыкты чече албай жатканын белгилейт. Анын айтымында, АКШ Ормуздагы абалды кризиске чейинки абалына кайтарууну кааласа, Иран бул стратегиялык суу жолу боюнча өзүнүн негизги ролун бекемдөөгө аракет кылууда.

Мындай шартта сунушталып жаткан 10 күндүк ок атышууну токтотуу согуш аракеттерин убактылуу токтотууга гана мүмкүнчүлүк бере алат. Анткени Ормуз кысыгынын келечеги боюнча туруктуу келишим түзүлмөйүнчө, кандай гана ок атышууну токтотуу болбосун убактылуу мүнөздө кала берет.

Ушундай татаал жана көп катмарлуу кырдаалда «Etemad» гезити Ирандын мурдагы дипломаты жана эл аралык маселелер боюнча эксперт Мохсен Пак-Аин менен маек куруп, аймактагы чыңалуунун бардык өңүттөрүнө талдоо жүргүзүүгө аракет кылды.

Пак-Аин басылманын Иран менен АКШнын ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча Катардын жаңы сунушу тууралуу суроосуна жооп берип жатып, негизги маселе сунуштун өзүндө эмес, Вашингтондун кандай гана келишим болбосун аны аткарууга болгон ишенимдүүлүгүндө экенин билдирди.

Анын айтымында, АКШнын буга чейинки милдеттенмелерин бузган аракеттери Трамптын жана Вашингтондун саясий түзүмүнүн аброюна гана зыян келтирбестен, аймакта дагы бир согуштун тутанышына себеп болду.

Пак-Аин бул согушту «Иранга кайрадан таңууланган согуш» деп атап, Тегерандын күчтүү коргонуусу жана жооп кайтаруусу менен бирге аймактагы өлкөлөр мындай жаңжалдан өздөрүн коргоо үчүн ортомчулук аракеттерге барууга мажбур болуп жатканын айтты. Ошондуктан, анын пикиринде, Катар менен Пакистан кайрадан дипломатиялык аракеттерин күчөтүүдө.

Ирандык дипломаттын айтымында, Катардын тышкы иштер министри сунуштаган долбоордо АКШнын ок атышууну токтотуусу жана ага жооп катары Ирандын Ормуз кысыгындагы эки деңиз жолун 10 күнгө ачып, кемелердин өтүүсүнө шарт түзүүсү каралган.

Бирок Пак-Аин келишим кабыл алынгандан кийин АКШ аны кайрадан бузбайт деген кандай кепилдик бар деген негизги суроо бар экенин айтты.  Анын айтымында, Катар, Пакистан же башка ортомчу өлкөлөр сунуштун мазмунуна өтүүдөн мурда эң биринчи Вашингтон бул келишимди жөн гана убакыт утуп алуу үчүн колдонбой турганына ишениши керек. Башкача айтканда, АКШ бир нече күндөн кийин кайра өз милдеттенмелеринен баш тартпай турганын далилдеген так кепилдик берүүгө тийиш.

Ал белгилегендей, Ирандын жетекчилиги сунушталган демилгелерди карап чыгып, өз позициясын билдирет.

Ошол эле учурда ал чындыгында согушту АКШ баштаганын жана согуш үчүн жоопкерчилик да АКШда экенин билдирди. Анын пикиринде, согушту баштаган тарап мезгил-мезгили менен ок атышууну токтотууну сунуштап, кийин кайра согуш аракеттерин баштаган модель жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Мындай кырдаалда негизги зыян аймактагы өлкөлөргө тийет. Анткени, анын айтымында, бул мамлекеттер АКШнын Иранга каршы соккулары үчүн база катары колдонулууда. Ал эми Иран өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын алуу чараларын көрүү максатында АКШнын кызыкчылыктарына ошол өлкөлөрдүн аймагында сокку урууга аргасыз болууда.

Пак-Аиндин айтымында, ортомчу өлкөлөрдүн ниети жакшы, бирок алар көбүрөөк этият болушу керек.

Анын пикиринде, ар бир ортомчулук демилгесинин биринчи кадамы Вашингтондон башталышы керек. Башкача айтканда, АКШдан кайрадан келишимди бузбоо боюнча жетиштүү жана ачык кепилдиктер алынууга тийиш. Ошондон кийин гана Тегеран менен сүйлөшүүлөрдүн мазмунуна өтүүгө болот.

«Эгер кепилдиктердин жолу так аныкталса жана ок атышууну токтотуу Вашингтон үчүн убакыт утуп алуу куралына айланбаса, Ирандын жетекчилиги бул сунушту толук карап чыгып, өз чечимин чыгарат», — деди ал.

10 күндүк мөөнөт эмнени билдирет?

Мохсен Пак-Аин Катардын сунушундагы 10 күндүк мөөнөт тууралуу да токтолду. Ал эл аралык укуктун нормаларына ылайык, Иран өзүнүн аймактык сууларын коргоого жана бул аймакта өзүнүн эгемен укугун ишке ашырууга укуктуу экенин баса белгиледи. Анын айтымында, АКШ бул укукту жокко чыгара албайт.

Ал он күндүк мөөнөт “Америка келип, Ирандын менчигин кабыл алат дегенди билдирбейт” деп белгилеп, Вашингтондун бул маселеде эч кандай ролу жок экенин жана Иран Ормуз кысыгындагы өзүнүн эгемендигин сактоону улантарын баса белгиледи.

Анын айтымында, бул 10 күндүк мөөнөттү сунуш кылгандар кандай максат көздөп жатканын түшүнүү керек. Ушул кыска убакытта эмне жасоого болот? Эмне үчүн бул иштер буга чейин 60 күн ичинде жасалган жок?

Пак-Аин эки өлкөнүн ортосунда буга чейин түзүлгөн «өз ара түшүнүшүү меморандумуна» токтолуп, бул документ эки өлкөнүн президенттери тарабынан кол коюлган жана расмий катталганын айтты.

«Менин оюмча, бул азыркы учурда таяна турган эң мыкты документ. АКШ бул милдеттенмелерди аткарууга өзүн милдеттүү деп эсептеши керек», — деди ал.

Анын пикиринде, ал меморандун азыркы Катардын 10 күндүк сунушунан да күчтүү документ. Ал буга чейин эки өлкөнүн президенттери кол койгон макулдашуу. Ошондуктан негизги милдет — АКШ тарапты ошол документте көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарууга көндүрүү.

Ирактын премьер-министринин Тегеранга сапары тууралуу

Мохсен Пак-Аин «Etemad» гезитинин Ирактын премьер-министри Али аз-Зейдинин Тегеранга боло турган сапары тууралуу суроосуна жооп берип жатып, бул кадамды биринчи кезекте Иран менен Ирактын жакшы мамилелеринин жана орток кызыкчылыктарынын алкагында кароо керектигин айтты. Ал белгилегендей, Али аз-Зейди премьер-министр болуп шайлангандан кийин алгачкы чет өлкөлүк сапарларынын бирин Иранга жасаган.

Пак-Аин бул биринчи кезекте эки тараптуу сапар экенин, анын негизги максаты Иран менен АКШнын ортосунда түз ортомчулук кылуу деп ойлобой турганын айтты.

Бирок анын айтымында, сапардын жүрүшүндө аймактык маселелер боюнча да сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Эгер АКШ Иранга билдирүү жеткирүүнү кааласа, анда анын Катар сыяктуу атайын байланыш каналдары бар. Ошондуктан Вашингтон мындай билдирүүлөрдү сөзсүз түрдө Багдад аркылуу жөнөтүүгө муктаж эмес. Ошол себептен Пак-Аин Ирактын премьер-министринин сапарын ачык ортомчулук миссиясы катары эмес, көбүрөөк Иран менен Ирактын эки тараптуу мамилелеринин жана аймактык маселелер боюнча диалогунун алкагындагы иш сапар катары баалай турганын билдирди.

Перс булуңундагы, Оман деңизиндеги жана Ормуз кысыгындагы кырдаал

Пак-Аин Перс булуңундагы, Оман деңизиндеги жана Ормуз кысыгындагы кырдаалга токтолуп, Вашингтондун азыркы саясатын «аймактагы тынчтыкты камсыз кылууга жана энергия менен товарларды ташуу жолдорун жеңилдетүүгө багытталган рационалдуу саясат» деп эсептебей турганын белгиледи.

Анын пикиринде, АКШда бул суу жолдорундагы кырдаалды нормалдаштырууга олуттуу эрк жок болгондуктан, ортомчулардын, анын ичинде Ирактын кириши жалгыз Перс булуңундагы, Оман деңизиндеги жана Ормуз кысыгындагы кырдаалды калыбына келтире албайт жана Вашингтондун эркин өзгөртпөстөн символикалык сапарларга үмүттөнүү жетишсиз болот.

Эксперт Иран менен АКШнын ортосундагы өлкөнүн түштүк аймактарындагы чыңалууну жана ок атышууну баалоодо ал кризистин негизги тамырларынын бирин “Трамптын маанилүү тышкы саясий чечимдерди кабыл алуудагы туруксуздугу” деп эсептеди.

Анын айтымында, бул согушту Иран баштаган эмес. АКШнын президенти меморандумга өзү кол койгон. Бул документтин аткарылышына кепил болушу керек болгон тарап да ошол эле АКШ президенти болчу. Бирок арадан бир айга жетпеген убакыт өткөндөн кийин Вашингтон кайрадан Ирандын түштүк аймактарына соккуларын баштап, кемелерди чагымчыл аракеттерге түртүп, түзүлгөн макулдашуунун алкагынан чыккан кадамдар менен карама-каршылыктарды кайра күчөттү.

Ал белгилегендей, мындай кырдаалга жооп катары Иран «күчтүү жооп кайтарды» жана АКШга каршы болуп көрбөгөндөй экономикалык каршылык чаралары башталды.

Пак-Аиндин айтымында, АКШ Конгрессинин депутаттарынын бири бул кагылышууларда «430 америкалык аскер каза болгонун» билдирди. Ошондой эле анын айтымында, америкалыктардын өздөрү да Иран АКШ үчүн түздөн-түз коопсуздук коркунучун жаратпаганын жана жаратпай турганын моюнга алышкан. Ал эми Иранга каршы чабуул жасоо үчүн келтирилген шылтоолор «такыр негизсиз» болгон.

Анын пикиринде, бул кырдаал Вашингтондун “чыгуу жолун билбеген сазга батып калганын” көрсөтүп турат жана мындай кырдаалда Иранга кургактыктан кеңири масштабдуу басып кирүү жөнүндө талкуулоо кымбатка турбастан, АКШ үчүн саясий жана аскердик жактан да кыйыныраак болуп калат.

Пак-Аиндин айтымында, АКШ бул кыйын абалдан чыгуу үчүн буга чейин түзүлгөн жана көптөгөн сааттык сүйлөшүүлөрдүн, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдүн активдүү ортомчулугунун негизинде даярдалган макулдашууга кайтып келүүдөн башка жолу жок.

Вашингтон өз милдеттенмелерин аткарып, түзүлгөн меморандумду кайрадан олуттуу кабыл алса, Ирандын түштүгүндө жана Перс булуңунда чыңалуунун андан ары күчөшүнө жол бербөөгө болот. Ал эми тескерисинче, кырдаалды курчутуу боюнча ар кандай сценарийлер, анын ичинде кургактагы аскердик операцияга баруу АКШ үчүн кризисти дагы тереңдетет. Мындай кадамдар Вашингтонго жеңишке жетүү же кырдаалды өз пайдасына өзгөртүү боюнча так мүмкүнчүлүк бербестен, анын чыгымдарын гана көбөйтөт.

АКШнын аскердик күч топтоосу жана дипломатиялык аракеттер 

АКШнын аскердик активдүүлүгү күчөп жаткан учурда дипломатиялык аракеттердин да жүрүп жатышы тууралуу суроого жооп берип жатып, Пак-Аин Вашингтондун учурдагы стратегиясын «коркутуу жана басым аркылуу сүйлөшүүлөрдө артыкчылык алууга аракет кылуу» деп баалады.

Анын айтымында, АКШ аймакка кошумча согуштук учактарды жана абада май куюучу учактарды жөнөтүү аркылуу коркунуч атмосферасын күчөтүүгө аракет кылууда. Муну менен Вашингтон сүйлөшүү үстөлүндө өзүнүн позициясын бекемдөөнү көздөп жатат. Бирок АКШ Ирандын мындай басым жана коркутуулар алдында артка чегинбей турганын жакшы түшүнүшү керек.

«Иран басым астында эч кандай жеңилдик бербейт, өзүнүн улуттук эгемендигине шек келтирүүгө жол бербейт жана өзүн коргоодо, ошондой эле аймактагы өзүнүн укуктарын ишке ашырууда артка кадам таштабайт», – деди ал.

Пак-Аиндин пикиринде, Вашингтон Израилден алынган «туура эмес маалыматтардын» жана АКШнын улуттук кызыкчылыктарынан мурда Израилдин кызыкчылыктарына көбүрөөк көңүл буруп жатканынын айынан «туура эмес эсептөөгө» барып жатат. Дал ушул жаңылыш эсептөө АКШны күн сайын тереңдеп бара жаткан «сазга» алып келди. Ал эми аскердик күчтөрдү көбөйтүү көйгөйдү чечпестен, тескерисинче, кризисти дагы татаалдаштырууда.

АКШдагы ички пикир келишпестиктер жана Трамптын саясаты

Ирандык дипломат АКШдагы саясатчыларды, өзгөчө Конгресстеги айрым өкүлдөрдү Трамптын аракеттерине таасир этүүгө чакырды. Анын айтымында, АКШда тышкы саясат боюнча чечим кабыл алууда бирдиктүү жана туруктуу позиция жок.

Анын айтымында, АКШнын тышкы саясатындагы негизги көйгөйлөрдүн бири — мамлекеттик кызматкерлердин ортосундагы пикир келишпестик жана Трамптын өз көз карашын үстөм кылууга аракет кылышы. Бул жагдай аймакты жаңы бир согуш коркунучуна жакындатып, кагылышуу тобокелдигин жогорулатууда.

Бирок Пак-Аиндин баамында, АКШнын аймактагы аскердик күчтөрүн көбөйтүүсү толук масштабдуу согушка даярдык эмес, көбүнчө басым көрсөтүү жана коркутуу каражаты болуп саналат.

Израилдин ролу 

Израилдин ролу боюнча суроого жооп берип жатып, Пак-Аин Израиль акыркы окуялардан бери “кулап бараткан жолдо” баратканын айтты.

Анын айтымында, Израиль Газадагы согуштук аракеттери, Ливанга, Сирияга жана Йеменге жасаган чабуулдары, Иранга каршы негизсиз согуштук аракеттерге катышуусу жана Ирандын жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн өлтүрүлүшүнөн улам Нетаньяхунун оккупацияланган аймактардын ичинде да, эл аралык аренада да “туруктуу позициясы калган жок”.

Пак-Аиндин айтымында, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху үчүн согуштук абалды сактап калуу маанилүү болуп жатат. Нетаньяху муну ички саясий көйгөйлөрдөн, коррупция боюнча сот процесстеринен жана шайлоо басымынан чыгуу үчүн колдонууга аракет кылууда. Ошол эле учурда, Ирандан олуттуу соккуларды жеген Израиль АКШны Иранга каршы согушка тартууга аракет кылууда жана жана “анын кызыкчылыктарын коргоо жоопкерчилигин Вашингтонго жүктөөгө” умтулууда. Трамптын Тель-Авивдин идеяларына берилгендиги аны “олуттуу көйгөйгө” алып келип, аймакты кризиске кептеди.

АКШдагы ички саясий абал жана алдыдагы аралык шайлоолор

Пак-Аин АКШдагы ички саясий абал жана алдыдагы аралык шайлоолорго байланыштуу пикир келишпестиктер тууралуу суроого жооп берип жатып, Трамптын Израилдин көз караштарына өтө көз каранды болуп калганы жана чечим кабыл алуудагы туруксуздугу аны ички саясий кысымга дуушар кылып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, АКШнын Республикалык партиясынын ичиндеги пикир келишпестиктер жана өлкөнүн саясий институттарынын ортосундагы карама-каршылыктар Иран менен болгон согуштук чыңалууну башкарууну дагы кыйындатууда. Бирок ал бул маселеде негизги көңүлдү шайлоонун сандык көрсөткүчтөрүнө эмес, Израилдин Вашингтондун саясатына тийгизип жаткан таасирине бурду.

«Каршылык көрсөтүү огу» жана АКШнын араб союздаштарынын ролу

Пак-Аин «Etemad» гезитинин Иран менен АКШнын тирешүүсү күчөп кетсе, «каршылык көрсөтүү огу» жана АКШнын араб союздаштары кандай роль ойнойт деген суроосуна жооп берип жатып, аймактагы өлкөлөр согушту токтотуу жана мындан аркы зыяндардын алдын алуу үчүн АКШга таасир этүүгө тийиш экенин айтты. Анын пикиринде, Перс булуңундагы АКШнын союздаштары Вашингтонду согуштук жолду улантуудан баш тарттырууга аракет кылышы керек.

Пак-Аин «каршылык көрсөтүү огунун» ролун өтө маанилүү деп баалады. Анын айтымында, бул күчтөр азыр абдан таасирдүү болуп калды жана эгер аракет кылууну чечсе, анын кадамдары сөзсүз түрдө олуттуу натыйжа берет. Айрыкча, ал дүйнөлүк соода жана энергия коопсуздугу үчүн маанилүү болгон Баб-эль-Мандеб кысыгы сыяктуу стратегиялык аймактарга көңүл бурду. Анын пикиринде, бул аймактагы аракеттер дүйнөлүк энергетикалык рынокко жана эл аралык соода жолдоруна олуттуу таасир этиши мүмкүн. Ошол эле учурда АКШ менен өнөктөш араб өлкөлөрү согуштун кеңейишине унчукпай карап турушса, өздөрү да чоң экономикалык жана коопсуздук коркунучтарына туш болушу мүмкүн.

НАТОнун мүмкүн болгон позициясы

Дипломат НАТОнун согушка кириши күмөн деп эсептей турганын билдирди. Анын айтымында, НАТО АКШ баштаган жаңы бир согушка кошулууга кызыкдар эмес болушу мүмкүн. Пак-Аин буга мисал катары Ооганстандагы окуяларды келтирди.

Анын айтымында, НАТО АКШнын артынан Ооганстандагы согушка катышып, болжол менен он жылдан кийин ал жерден жыйынтыксыз чыкты. Ошондой эле учурда Украина маселеси боюнча да НАТО менен Вашингтондун ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер бар экенин белгиледи.

Ушундан улам, анын пикиринде, бул аскердик альянс АКШ жетектеген дагы бир жаңы согушка кайрадан аралашууга кызыкдар болбойт.

Жыйынтык

Мохсен Пак-Аиндин баамында, азыркы Иран–АКШ тирешүүсүндө негизги маселе — аскердик күч эмес, саясий чечим кабыл алуу жөндөмү жана ишеним маселеси.

Анын пикиринде:

  • АКШ мурдагы милдеттенмелерине кайтып келиши керек;
  • ортомчулук аракеттер Вашингтондун жоопкерчилигинен башталышы зарыл;
  • аймактагы өлкөлөр согуштун жайылышына жол бербөөгө аракет кылышы керек;
  • аскердик күч колдонуу кризисти чечпестен, аны тереңдетет.