Ирандын күчтөрү 31-июлга караган түнү Бахрейн жана Кувейттеги америкалык аскердик базаларга жооп иретинде сокку урганын билдирди.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалыматына караганда, Бахрейндеги америкалык Шейх-Иса аскердик базасына жооп иретинде сокку урулду.
«Иран армиясынын учкучсуз учактары электр генераторлоруна, навигациялык системаларга, ошондой эле АКШ армиясынын административдик жана көмөкчү инфраструктурасына сокку урду», — деген Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалыматын мамлекеттик телерадиокомпания таратты.
Press TV телеканалы Иран армиясынын маалыматына таянып, Кувейттеги аба базасындагы согуштук учактардын ангарлары, спутниктик байланыш системалары жана жабдуулар кампаларына сокку урулганын маалымдады.
“Ирандын армиясы бир нече саат мурун камикадзе дрондору Кувейттеги Ахмад аль-Жабер аба базасындагы согуштук учактардын ангарларына, спутниктик байланыш системаларына жана жабдуулар кампаларына сокку урганын жарыялашты”, – деп айтылат телеканалдын Telegram каналындагы билдирүүсүндө.
30-июлга караган түнү АКШнын Куралдуу күчтөрү Иран Ислам Республикасына каршы кезектеги сокку уруулар аяктаганын жарыялаган. АКШнын Борбордук командачылыгы ондогон бутага, анын ичинде башкаруу борборлоруна, ракеталык жана учкучсуз курал-жарак жайларына, жээктеги байкоочу жана коргонуу постторуна, ошондой эле деңиздеги буталарга сокку урулганын билдирген.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу «агрессорду жазалай турганын» убада кылып, күндүз Иорданиядагы Аль-Азрак базасына баллистикалык ракеталар менен сокку урулганын билдирген. Корпустун маалыматына ылайык, сокку учурунда үч F-35 учагы жана бир нече аскер кызматкери жок кылынган. Ошондой эле Кувейттеги Али ас-Салем аскердик базасына сокку урулуп, дрондор сакталган эки ангар жана күйүүчү май сактоочу жай талкаланганы маалымдалган.
8-июлга караган түнү АКШ Иран Ислам Республикасына каршы соккуларын кайра жандантып, Тегеранды Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге жасалган чабуулдарга айыптаган. Тегеран муну буга чейин жетишилген келишимдердин бузулушу деп атап, АКШнын соккусуна жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы америкалык объектилерге сокку ура баштаган. Чыр-чатактын жаңы күчөшү тараптар жаңжалды токтотууну көздөгөн меморандумга кол койгондон үч жума өткөндөн кийин эле орун алды