Иран жакын арада БРИКСтин Жаңы өнүктүрүү банкына кошулат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкынын төрагасы Абдольнасер Хеммати билдирди.
«БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгынын эң маанилүү жыйынтыгы — БРИКСтин Жаңы өнүктүрүү банкынын түзүлүшү. Жакын арада биздин өлкө да бул банктын мүчөсү болот», — деди Хеммати. Анын сөздөрүн Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы IRIB келтирди.
Анын айтымында, Тегеран БРИКСке мүчө мамлекеттер менен эки тараптуу жана көп тараптуу валюта жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулууда.
Иран көп жылдан бери киргизилип келе жаткан кеңири масштабдагы санкциялардын терс кесепеттерине дуушар болуп келет. Ушуга байланыштуу Тегеран санкциялардын таасирине каршы турууга мүмкүндүк бере турган көз карандысыз жана туруктуу каржы механизмдерин түзүүнү үзгүлтүксүз жактап келет.
Жаңы өнүктүрүү банкы 2015-жылы Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка тарабынан БРИКС өлкөлөрүндөгү жана башка өнүгүп келе жаткан экономикалардагы инфраструктуралык жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун колдоо үчүн түзүлгөн. 2021-жылы Улуттук өнүктүрүү банкы өнүгүп келе жаткан рыноктордун ортосундагы кеңири кызматташууну жеңилдетүү үчүн платформа болууну көздөгөн кеңейтүү программасын баштаган.
БРИКС — 2006-жылы Россия, Кытай, Индия жана Бразилия тарабынан түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. 2011-жылы анын курамына Түштүк Африка Республикасы кошулган. 2024-жылдын башынан тартып уюмга дагы бир катар мамлекеттер мүчө болгон.
Учурда БРИКСтин курамына 10 мамлекет кирет: Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Египет, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Индонезия жана Эфиопия.