Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясынын аба мейкиндигинде АКШнын MQ-9 үлгүсүндөгү учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдирди.
«MQ-9 учкучсуз учагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жаңы, өркүндөтүлгөн абадан коргонуу системасынын жардамы менен Хормозган провинциясынын асманында кармалып, атып түшүрүлдү», — деп айтылат корпустун басма сөз кызматынын Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө.
Күн мурун The Washington Post (WP) басылмасы АКШнын Куралдуу күчтөрү Иран менен болгон согуш учурунда арсеналдын азайышынан улам MQ-9 Reaper үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарынын болжол менен 25%ын жоготконун маалымдаган. Ар бир мындай дрондун баасы комплектациясына жараша 50 миллион долларга чейин жетери айтылган.
Басылманын маалыматына караганда, АКШ жалпы 45 MQ-9 Reaper дронун жоготкон. Алар Ормуз кысыгынын аймагында Иран үчүн «оңой бутага» айланган.
Буга чейин The Washington Post Иран менен болгон жаңжалда ресурстардын жетишсиздиги Вашингтондун аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чектегенин билдирген. Бирок Пентагон америкалык курал-жарак арсеналдары түгөнүп баратканы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет. Ошол эле учурда АКШ администрациясы Конгресске Иран менен болгон согушка байланыштуу кеткен чыгымдардын ордун толтуруу жана курал-жарак запастарын кайра толуктоо үчүн 67 миллиард доллар бөлүүнү өтүнгөн.
Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп 8-июлда Иран менен 18-июнга караган түнү жетишилген ок атышууну токтотуу келишими мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген. Ошондон кийин АКШ аскерлери Ирандын аймагына бир нече жолу сокку урган.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) чабуулдар Ирандын Ормуз кысыгынан өтүп жаткан коммерциялык кемелерге карата жасаган аракеттерине жооп катары жүргүзүлгөнүн билдирген.
Буга жооп катары Тегеран Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскердик базаларга сокку урганын, Ормуз кысыгын жапканын жана Вашингтонду согуштук аракеттерди токтотуу боюнча меморандумду бузду деп айыптаганын билдирген.