Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүү маршруттарын аныктоо максатында Оман менен жүргүзүлүп жаткан техникалык жана саясий сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыштарга жетишилгенин билдирди.
Ирандын расмий IRNA маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Багаи Ормуз кысыгы боюнча Оман менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөр Ормуз кысыгы менен чектешкен эки мамлекеттин ортосундагы диалог форматында өтүп жатат. Алар кемелердин коопсуз өтүү маршруттарын аныктоого багытталган. Ошондой эле бул жараян Ирандын эгемендүү укуктарын камсыз кылуу менен бирге Иран менен Омандын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын да эске алат.
Анын айтымында, азыркы учурда сүйлөшүүлөр техникалык жана саясий деңгээлде ийгиликтүү жүрүп жатат.
«Иран Оман менен кызматташтыкта бул стратегиялык суу жолу аркылуу кеме жүрүүсүн келечекте жөнгө салуу үчүн зарыл болгон механизмдерди иштеп чыгууга умтулууда. Сүйлөшүүлөрдүн акыркы жыйынтыктары кийинчерээк жарыяланат», — деди Багаи.