Иран Ормуз кысыгындагы деңиз кемелери жүрүүчү «мыйзамсыз маршруттарды» жабууну көздөп жатат.
Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысынын кеңешчиси Мохаммад Реза Нагди билдирди.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташуунун көлөмү АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжал башталганга чейинки деңгээлге дээрлик кайтып келгенин билдирген.
“Ормуз кысыгы жабык; биз мыйзамсыз маршруттарды бөгөттөйбүз”, — деп билдирди Нагди.
Анын айтымында, Ормуз кысыгы Ирандын талаптары аткарылмайынча жабык бойдон калат.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өкүлү Хосейн Мохеби 30-сентябрда Тегеран кысык аркылуу чакан кемелердин өтүшүнө аткылоо аркылуу тоскоолдук кылууга аракет кылып жатканын айткан. Анын белгилешинче, «400–500 баррель мунай» өтүп кетсе да, бул Ормуз кысыгы толугу менен ачык дегенди билдирбейт.
АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандагы объектилерге сокку ура баштаган. Буга жооп катары Иран тарап Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга да соккуларды жасаган. Июнь айынын ортосунда Тегеран менен Вашингтон согуштук аракеттерди токтотуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Бирок кийинчерээк тараптар кайрадан бири-бирине сокку ура баштаган. Учурда жаңжал толук жөнгө салына элек.
Иран менен АКШнын ортосундагы жаңжалдан улам Ормуз кысыгы аркылуу деңизде жүк ташуу дээрлик токтоп калган. Бул кысык дүйнөлүк рынокко мунай, мунайзаттары жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүдөгү негизги деңиз жолдорунун бири болуп саналат. Жаңжалдын кесепетинен көпчүлүк өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасы жогорулаган.